Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы

2023-жылдын 26-декабры № 9/1

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 22-декабрындагы №4 протоколун кароо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын төрагасы болуп Сүйүнбаев Жолдубай Ускенович шайланды деп эсептелсин.

2. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VII кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 05-октябрындагы №5 протоколунда белгиленген мүчүлүштүктөр кайра кайталанса, Жерге-Тал айылдык кеңешинин регламентинин 7-главасынын 7.8 пунктусуна ылайык кайра башка мүчөсү шайланаары эскертилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 Төрага

Шаарбек уулу Б.