ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 9/2
Жергиликтүү кеңештин кабыл алынган чечимдерин жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 36-беренесинин 1.пунктусунун экинчи абзацын жетекчиликке алуу менен 39-беренесинин 5.пунктусуна ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 24-февралындагы №30/1, 2023-жылдын 31-майындагы №2/3, №2/5, 2023-жылдын 08-августундагы №5/1 жана 2023-жылдын 05-октябрындагы №7/6 сандуу токтомдору жокко чыгарылсын жана мыйзамдын талабына ылайык келтирилсин.
2. Токтомдордун жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат Нарын райондук прокуратурасына маалымдалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Б.Шаарбек уулу |