Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы

2023-жылдын 24-ноябры № 8/6

Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубунун имаратын дем берүүчү (үлүштүк) гранттын эсебинен капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Жылдыз айылындагы Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубунун имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп жаткандытына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 3 330 740 (үч миллион үч жүз отуз миң жети жүз кырк) сомду түзгөн Кызыл-Жылдыз айылындагы «Сагыйпа Чечейбаева атындагы клубунун имаратын капиталдык ондоодон өткөрүү » долбоору жактырылсын.

2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Жерге-Тал айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 1 335 000 (бир миллион үч жүз отуз беш миң ) сом акча каражаты каралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагын Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

 Төрага

Шаарбек у Б.