ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 9/4
Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 121 000 сом акча каражатынын сметасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34 беренеси жана «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Миназаровдун 2023-жылдын 21-декабырындагы №7 сандуу кайрылуу катын талкуулап,Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын 121 000 (бир жүз жыйырма бир миң) сом өлчөмүндөгү сметасы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Акча каражаттын сарпталышы бекитилген сметага ылайык жүргүзүлсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
Төрага | Шаарбек у Б. |
| Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы №9/4 токтому менен бекитилген 1-тиркеме. |
Жерге-Тал айыл аймагынын «Таза Жерге-Тал» муниципалдык ишканасынын
121 000 (бир жүз жыйырма бир миң) сом өлчөмүндөгү сметасы.
№ | Аталышы | Сумма (сом) |
1 | Кызыл-Жылдыз айылына таза суу эсептегич алууга | 35 600 |
2 | ГФР жана башка карыздарды төлөөгө | 45 400 |
3 | Кызыл-Жылдыз айылынын таза суунун насосунун электр энергиясы үчүн | 20 000 |
4 | Күйүүчү майга | 20 000 |
Жалпы: | 121 000 сом | |