ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 9/5
Жерге-Тал айыл аймагына электр трансформаторлорун орнотууга жер аянттарын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын айыл ичи жана калктуу конуштарына электр трансформаторлорун орнотуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча жана Тянь-Шань РЭТинин сунушунун негизинде, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер, муниципалдык менчик,архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча комиссиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы №7 протоколунун корутундусу жактырылсын.
2. Жерге-Тал айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы Моңкоев Ысмайыл көчөсүнүн айыл өкмөтүнүн имаратынын территориясынын түндүк тарабынан 9,0 чарчы метр, Мамбетов Жаасынбек көчөсүндөгү Үй бүлөлүк даарыгерлер тобунун имаратынын территориясынын түштүк тарабынан 9,0 чарчы метр, Баскыя участкасындагы сарайлардын түндүк тарабынан 9,0 чарчы метр жер аянттары бөлүнүп берилсин.
3. Жерге-Тал айыл аймагынын Кызыл-Жылдыз (Кара-Чий) айылындагы Кулов Амангелди көчөсүндөгү «Жаңы тилек-Чагалдак» атындагы бала бакчасынын түндүк-батыш тарабынан 9,0 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
4. Жерге-Тал айыл аймагынын Казан-Куйган айылындагы 5 гектар участкасынан9,0 чарчы метр, Бакай Ата көчөсүнүн эски май куйуучу жайдын күн батыш тарабынан 9,0 чарчы метржер аянттары бөлүнүп берилсин.
5. Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, оңдоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Тянь-Шань РЭТинен суралсын.
6. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, zhergetal.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго жүктөлсүн.
Төрага | Шаарбек у Б. |