ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 9/8
«Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы тууралууЖобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Регламент, депутаттык этика,мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 26-декабрындагы №1 протоколунун корутундусу жактырылсын.
2. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин (1-тиркеме тиркелет 1 нускада, 3 баракта).
3. Бул токтомдун аткарылышы Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламент, депутаттык этика,мандат, сыйлыктар, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |
|
| Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясынын 2023-жылдын 26-декабрындагы №9/8 токтому менен бекитилген 1-тиркеме |
«Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы тууралуу
ЖОБО
1.Жалпы жоболор
1.1.«Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Нарын облусунун Нарын районундагы Жерге-Тал айыл аймагында жарандарды сыйлоонун жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдердин биримдигин коргоого жана чыңдоого,өлкөнүн экономикалык, интеллектуалдык жана рухий потенциялын арттырууга кошкон салымы, ошондой эле мамлекеттин жана элдин алдында коомдук, гуманитардык, кайрымдуулук жана башка иштердеги сиңирген эмгегин таануу болуп саналат.
1.2.«Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы Жерге-Тал айылдык кеңеши жана Жерге-Тал айыл өкмөтү тарабынан уюштурулат.
1.3.« Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн, наамды ыйгаруунун жана тапшыруунун, сактоонун тартиптери, булсыйлык тууралуу башка эрежелер ушул Жобого ылайык жөнгө салынат.
1.4. Чет өлкөлөрдө иштеген жана убактылуу жашап жаткан кыргыз жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Нарын облусунун, Нарын районунун, Жерге-Тал айыл аймагынын алдында сиңирген эмгектери үчүн «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланышы мүмкүн. Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилет.
1.5. Бир эле адам «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен эки жолу сыйланышы мүмкүн эмес.
1.6. Атуулдарды алардын мааракелерине же бир багытта узак мезгилдер бою кадимки кызмат кылгандыгына байланыштуу «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйланууга көрсөтүүгө жол берилбейт.
2. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди көрсөтүүнүн тартиби
2.1. Жерге-Тал айылдык Кеңешинин алдында жарандарга «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссия (мындан ары – комиссия) түзүлөт. Комиссиянын сандык курамы 7 адамдан турат жана анын сапаттык курамын айылдык Кеңеш аныктайт. Комиссия «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына сунуш кылынган талапкерлердин документтерин кабыл алат, ирээттейт, талкууга алат жана талапкерлердин ичинен тандалып алынган адамдын талапкерлиги боюнча өзүнүн чечимин чыгарып,Жерге-Тал айылдык Кеңешинин жыйынына сунуш кылат. Комиссия коомдук башталышта иш алып барат.
2.2. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо жөнүндө сунуштарды төмөндөгүлөр киргизе алат:
- ар түрдүү деңгээлдеги мекеме-ишканалар (менчигинин түрүнө карабастан);
-жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү жана аткаруу органдары;
-өкмөттүк эмес уюмдар;
- Жерге-Тал айыл аймагындагы айылдардын жана жамааттардын элдик, жамааттык жыйындары.
- Айыл башчылары
2.3 . «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына көрсөтүлүүчү талапкердин талапкерлиги алгач аны көрсөтүп жаткан мекеме-уюмдардын жана жамааттардын өздүк жыйындарында талкууланууга тийиш.
2.4. Сыйлоого сунуш кылынган талапкер тууралуу комиссияга төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
-талапкердин резюмеси;
-талапкердин соттуулугу жок экендиги тууралуу маалым кат;
-талапкердин өмүр баяны;
-жамааттык жыйындын талапкердин эмне үчүн көрсөтүлүп жаткандыгын аныктаган текст камтылган протоколу, сунуштары;
-талапкердин ишинин сапаты жана натыйжалуулугу жөнүндө маалыматтар, мамлекеттик жана өкмөттүк алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
- сунушталган адамдын 3х4 өлчөмүндөгү 2 даана түстүү сүрөтү;
-талапкердин эмгек китепчесинен көчүрмө;
-талапкердин паспортунан көчүрмө.
Зарыл болгон шартта комиссия тарабынан башка документтер талап кылынышы мүмкүн.
2.5. Сыйлоо жана сыйлоодон баш тартуу жөнүндө Комиссиянын чечимдери боюнча атуулдардын даттануулары жана арыздары каралбайт.
3. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруунун жана тапшыруунун тартиби
3.1. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы жылына ашып барса 6 адамга «Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө карата» өткөрүлүүчү салтанаттуу иш чарада тапшырылат жана зарылчылыкка жараша айылдык кеңештин чечиминин негизинде берилиши мүнкүн.
3.2. Талапкерлерди тандоодо, келип түшкөн материалдарды калыс кароо үчүн комиссия өз ишине атайын адистерди кызматташууга тартышы мүмкүн.
3.3. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкүдөй артыкчылыктагы инсандарга ыйгарылышы эске алынат:
- СССР учурундагы жана азыркы мезгилдеги сиңирген эмгеги үчүн орден, медалдар, Жогорку Кеңештин, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлангандар, баатырдык наамга ээ болгондор, көрүнүктүү илимий даражалуу окумуштуулар, эмгек сиңирген ишмерлер (бардык багыттар боюнча), СССРдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутат болуп шайлангандар, облустук Кеңешке депутат болгондор, облустук жетекчи кызматтарда, райондук мамлекеттик администрацияларда иштеп элге кызматы менен таанылгандар, өлкөнү коргоодо эрдик көрсөткөнсогуштун ардагерлери, Кыргыз Республикасынын чегинде жашап-жашабагандыгына карабастан элибиздин социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон эмгеги менен белгилүү болгондор;
-көп жылдар бою саламаттык сактоодо, жаштарга тарбия, билим берүүдө мамлекеттик жана коомдук иштерде, айыл чарбасында үзгүлтүксүз салым кошуп, элдин оозуна алынып, кадыр-баркка ээ болгондор;
- эл чыгармачылыгына, адабиятка, маданиятка, искусствого, спортко жекече үлүшүн тынымсыз кошуп, тарбиялоо жаатындагы ишмердиги менен тасирлүү айырмаланган атуулдар;
-элибиздин социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө, турмуш-тиричилик шарттарынын оңолушуна өзгөчө салымын кошкон адамдар, Кыргыз Республикасынын чет жерде жашаган жарандары, чет элдик жарандар;
- мурда аймагыбыздын өнүгүшүнө баалуу салымдарын кошуп, учурда эл-журтка сөзү, жүрүш-турушу менен үлгү болгон, элдин ынтымагын, биримдигин чыңдоого, жаштарды тарбиялоого жумшаган аракеттери жогору бааланган эмгек ардагерлери.
3.4. Комиссиянын чечими айылдык Кеңештин жыйынында талкууланат. Депутаттардын жалпы санынын 3 төн 2 бөлүгү макулдук бергенде комиссиянын чечими кабыл алынды деп эсептелинет. Негиздүү себептер болгон учурда айылдык Кеңеш комиссиянын чечимин кайра кароого кайтарышы мүмкүн. Мындай учурда комиссия, айылдык Кеңештин жыйынында айтылган пикирлерди эске алуу менен, сунуш кылынган талапкерлердин тизмесин кайрадан карап чыгып, айылдык кеңештин жыйынына кайра сунуш кылат.
3.5. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы сыйлана турган адамдын өзүнө салтанаттуу кырдаалда Жерге-Тал айылдык Кеңешинин төрагасы тарабынан тапшырылат.
3.6. Сыйлыкты тапшыруу алдында Жерге-Тал айылдык Кеңешинин айылдык кеңештин алдындагы жарандарга «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча атайын комиссиянын «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамы менен сыйлоо тууралуу» чечимин бекитүү жөнүндөгү токтому окулат.
3.7. Сыйлануучу адамга сыйлоо учурунда төмөндөгүлөр берилет:
- Куттуктоо баракчасы (мында сыйлануучунун эмгек жолунун урунттуу учурлары эске алынган куттуктоо тексти орун алып, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин төрагасынын жана Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн колдору, мөөрлөрү менен тастыкталат. Куттуктоону Жерге-Тал айыл өкмөтү же анын ордуна айылдык кеңештин жооптуу катчысы окуп, тапшырат);
- «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» күбөлүгү;
- «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» төш белгиси.
Төш белги сыйлануучу адамдын сол төшүнө тагылат. Күбөлүктү жана төш белгини Жерге-Тал айылдык Кеңешинин төрагасы тапшырат.
3.8. Эгерде сыйлануучу адам оорунун айынан, же башка негиздүү себептерден улам салтанатка келе албаса, сыйлык жерине барып ага турган жеринде тапшырылат.
4. Башка жоболор
4.1. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана Жерге-Тал айылдык Кеңешинин чыгарган чечимдерине ылайык жеңилдиктерден жана артыкчылыктардан пайдаланат.
4.2. «Жерге-Тал айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон адамдар айыл аймагында төмөндөгүдөй жеңилдиктерди жана укуктарды пайдалана алат:
- айыл аймагындагы ар кандай салтанаттуу жыйындарга ардактуу мейман катары чакыруу менен катышууга;
- айыл аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бутактарында кезексиз кабыл алынууга;
- жашаган жерине атайын белги илип коюуга;
5. Бул Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
5.1. Жерге-Тал айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын эмгек жамааттарынын жыйындарынын, жергиликтүү жамааттардын элдик жыйындарынын сунуштарын негизинде, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын 3 төн 2 бөлүгүнүн макулдугу менен Жобого өзгөртүүлөр жана түзөтүүлөр киргизилиши мүмкүн.