ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 26-декабры № 9/12
Кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү реестр боюнча кароо жөнүндө
Көбөгөнов Руслан Имерович тарабынан кайтарымсыз жардам катары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө келген Сенакос-а Е-302 маркасындагы чөп чабуучу комбайнды,«Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алууга жана документтерин мыйзамдуу тактоо максатында, Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын IХ кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын 2023-жылдын 26-декабрындагы №6 протоколунун корутундусу жактырылсын.
2. Көбөгөнов Руслан Имерович тарабынан кайтарымсыз жардам катары Жерге-Тал айыл өкмөтүнө келген;
3. Сенакос-а Е-302, номердик белгиси 0501 TRNB, 1987-жылы чыгарылган 610 белгисиндеги чөп чабуучу комбайнды «Таза Жерге-Тал» миниципалдык ишканасынын балансына алынсын.
4. Айыл чарба техникасынын документтерин мыйзамдуу тактоо менен тийиштүү документтерин бүтүрүү Жерге-Тал айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Шаарбек у Б. |