Редакцияот 01.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2022-жылдын 1-августу № 19

Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн 32,40 га жаны конушунун

башкы планын тактоого жана өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө

Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары атайын жыйында Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Меймановдун Арзымат Жыргалбековичтин жазуу жүзүндөгү кайрылуусун карап, Таш-Дөбөн айылдык кеңеши талкуулап.

 

ТОКТОМ кылат:

1.              Таш-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу 32,40 га жаны конушунун башкы планын тактоого жана өзгөртүүгө макулдук берүү чечимин кабыл алышты.

2.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы  Мейманов А.Дж. жүктөлсүн.

Төрага 

Курманбаев А. Б.