МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/86
Окуу жай ачууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча, айыл ɵкмɵтүнүн орун басары А.Бектуровдун баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1. Мин-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылына Б.Жакыпов атындагы №30-кесиптик лицейинин базасында окуу мөөнөтү 2-жыл, 10жана 3 айлык курстарды ачуу үчүн мурдагы Эмгекчил айыл өкмотүнүн Эмгекчил айылындагы бош турган адмнистративдик Нарын районундагы Б.Жакыпов атындагы №30-кесиптик лицейине окуу корпустары катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Б.Жакыпов атындагы №30-кесиптик лицейи белгилүү себептер менен ишмердүүлүгүн токтотсо бул имарат кайрадан Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө калтырылсын.
3. Имараттардын өрт жана электр коопсуздуктары боюнча жана санитардык-эпидемиологиялык талаптардын жана нормалардын сакталышы боюнча корутундуларды алуу жана имаратты кармоо үчүн ошондой эле камуналдык төлөмдөрдү төлөө жагы Б.Жакыпов атындагы №30-кесиптик лицейинин директору Муталип уулу Бакытбекке милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом, каттоодон ɵткɵрүлүп веб сайтка жарыялоо жагы Миң-Булак
айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Айтбаевага тапшырылсын.
5.Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Миң-Булак айыл ɵкмɵтүнүн
орун басары А.Бектуровго милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Жамангулов |
|
|