С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы
2024-жылдын 09-апрели № 17-1
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Араван районунун борбору болгон С.Юсупова айыл аймагына “Араван шаары” макамын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамынын 6-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 -токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын административдик -аймактык түзүлүшүнүн маселелерин кароонун тартиби жөнүндө Жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү , региондорду өнүктүрүү жана андан аркы чаралар жөнүндөгү” Президенттин №350 Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин № 370 Жарлыгынын алкагында Республиканын региондорундагы административдик- аймактык түзүлүштү ирээтке келтирүү, жана 2024-жылдын 9-апрелиндеги С.Юсупова айыл аймагындагы жааматтар арасындагы болуп өткөн элдик жыйынынын № 13- протоколунун негизинде мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ыйгарым укуктарын эффективдүү жүзөгө ашыруу максатында С.Юсупова айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн угуп, сессияга катышкан депутаттардын сунуш –пикирлерин эске алып, Кыргыз Республикасынын “Административдик –аймактык түзүлүш жөнүндөгү” №65 мыйзамынын 12-беренесине ылайык С.Юсупова айылдык кеңеши кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Юсупова айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Абдураимовдун С.Юсупова айыл аймагынын базасында “ Араван шаарын” түзүү боюнча сунушу жактырылсын.
2.С.Юсупова айыл аймагынын базасында “ Араван шаарын” түзүү боюнча сунушу С.Юсупова айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан колдоого алынгандыгы белгиленсин.
3.“Шаар” макамын алуу үчүн тиешелүү иш-кагаздарын жогорку органдарга сунуштоо жагы Араван райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4.Араван районунун С.Юсупова айыл аймагына “ Араван шаары” макамына ылайык, тиешелүү иш-кагаздарын жана С.Юсупова айыл аймагынын толук схемалык-картасын даярдап камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовго милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Социалдык- маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеӊешинин төрагасы: | Н.Файзуллаев
|