Редакцияот 09.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы

 

2024-жылдын 09-апрели  № 17-3

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун билдирүүсүн кароо жөнүндө

 

С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылындагы жана Пахта-Арал участкасындагы  иштеп жаткан көрүстөндөр толуп калгандыгына байланыштуу  Октябрь айылына  № 789/ 587- контурундагы жайыт жеринен 1,7 га, Пахта –Арал участкасына (Х.Абдуллаев, Жомий жана Ибин-Сино көчөлөрүнүн тургундарына) Октябрь айылынын Навбохор көчөсүнүн жогорку жагында жайгашкан № 585/ 5443- контурундагы жайыт жеринен 2,5 га көрүстөн үчүн жер ажыратып берүү боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдураимовдун макулдук сурап жазган билдирүүсүн угуп, жарыш сөзгө чыккан депутаттардын сунуш пикирлерин эсеке алып,  С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.С.Юсупова айыл өкмөтүнүн Октябрь айылына № 789/ 587- контурундагы жайыт жеринен 1,7 га, Пахта –Арал участкасына (Х.Абдуллаев, Жомий жана Ибин-Сино көчөлөрүнүн тургундарына) Октябрь айылынын Навбохор көчөсүнүн жогорку жагында жайгашкан № 585/ 5443- контурундагы жайыт жеринен 2,5 га көрүстөн үчүн жер ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

 

2.Көрүстөн үчүн ажыратылган жер аянттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте транформациялоого тийиштүү документтерди даярдоо жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңешинин агрардык, турак-жай жана муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абураимовго жүктөлсүн.

 

С.Юсупова айылдык

кеӊешинин төрагасы:

Н.Файзуллаев