Редакцияот 08.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXV СЕССИЯСЫ

 

2024-жылдын 8-июлу  № 217/35-5

 

Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 140 дарегинде жайгашкан төрөт үйүнүн жаңы бөлүмүн Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 26-июнундагы №1-22/2060 кайрылуусун карап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаары, Гагарин көчөсү, 140 дарегинде жайгашкан төрөт үйүнүн жаңы бөлүмүн Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 Төраганын орун басары

Б.Б.Доконов