Ак-Суу районунун Кыдыр аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши
ТОКТОМ
Кыдыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
1-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
2024-жылдын 02-августундагы №31
Кыдыр Аке айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,
тазалыкты сактоо боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын негизинде айыл өкмөтүнүн сунушун карап, талкууга алып, жергиликтүү кеңеш токтом кылат:
1. Кыдыр Аке айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелер бекитилсин, тиркелет.
2.Токтом айыл өкмөтүнүн сайтына жайгаштырылып, юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн жиберилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Ш.Кобонбаевге жүктөлсүн.
Төрага А.И.Алмабеков
Кыдыр Аке жергиликтүү кеңешинин
2024-жылдын 2-августундагы №31
токтому менен бекитилди
Кыдыр Аке айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу,
тазалыкты сактоо боюнча эрежелери
§1. Жалпы жоболор
1. Кыдыр Аке айыл аймагында көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты сактоо боюнча эрежелери (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 “Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгына жана калктуу конуштарды тышкы көрктөндүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоонун абалына талаптарды аныктаган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Эрежелер тышкы көрктөндүрүү, жашылдандыруу жаатында бирдиктүү жана милдеттүү талаптарды белгилейт, менчигинин түрүнө карабастан бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн айыл аймагын тазалоонун жана тейлөөнүн тартибин аныктайт.
3. Кыдыр Аке айыл өкмөтү ушул Эрежелерде белгиленген көрктөндүрүү маселелери менен байланышкан жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн жоопкерчиликтүү болот.
4. Айыл өкмөтү өз ыйгарым укуктарынын чегинде көрктөндүрүү маселелерин аткаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдү аныктайт.
§2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
Абонент - тиричилик таштандыларын чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүгө келишим түзгөн же түзүүгө милдеттүү жеке же юридикалык жак;
Калктуу конуштун сырткы келбетин көрктөндүрүү - калктуу конуштун айланасында калктын жашоосу жана эс алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү камсыз кылуучу иштердин жана элементтердин топтому;
КТТК чыгаруу - атайын автотранспортторго ташып жүктөө, таштанды жайларын жана аларга кире бериш жерлерди төгүлгөн таштандылардан тазалоо, андан ары катуу калдыктарды чогултуучу жайлардан жок кылуу жайларына ташып жеткирүү;
Газон – жасалма жол менен түзүлгөн чөп каптаган жер тилкеси түрүндө жашылдандыруу элементи;
Бекитилген аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарасында же пайдалануусунда имараттар, үй чарбалары, курулуштар жана башка объекттер жайгашкан аймак;
Жашылдандырылган жерлер - жасалма түрүндө жана табигый өсүп чыккан бак-дарак, бадал жана чөп өсүмдүктөрү;
Ири көлөмдүү таштандылар – керектөөдөн чыккан жана көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу атайын таштанды ташуучу унаалар менен ташууга мүмкүн болбогон үй тиричилик жана чарбалык иштердин калдыктары (тиричилик техникасы, эмерек ж.б.);
Контейнер аянтчасы - өндүрүштүн жана үй тиричиликте керектелген буюмдардын калдыктарын, катуу турмуш-тиричилик калдыктарын чогултуу жана убактылуу сактоо үчүн керектүү сандагы контейнерлер орнотулуп, атайын жабдылган аянт;
Таштанды - ар кандай калдыктар, анын ичинде катуу турмуш-тиричилик калдыктары, ири көлөмдүү калдыктар, керектөө жана өндүрүш калдыктары;
Уруксат берилбеген жерге ташталган таштандылар – чектелген аянтта көлөмү 30 куб метрден ашык юридикалык же жеке жактардын ишинин жүрүшүндө пайда болгон катуу турмуш-тиричилик калдыктары, көлөмдүү таштандыларды, өндүрүш жана курулуш калдыктарын, башка калдыктарды туш келген жерге (уруксатсыз) таштоо (жерге салуу) же сактоо.
Парк - эс алууга жана көнүл ачуучу оюн-зоок өткөрүүгө арналган жалпы пайдалануудагы жашылдандырылган аймак;
Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызматтарды көрсөтүүчү (кызмат көрсөтүүчү) – катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу, ташып чыгаруу, жок кылуу жана калктуу конуштун аймагын санитардык тазалоо боюнча айыл өкмөтү менен келишим түзгөн юридикалык же жеке жак.
Курчап турган айланадагы аймак - юридикалык же жеке жактардын менчигинде, ижарага алынган же пайдаланылган жер тилкесинин, имараттын, чарбалык курулуштун жана башка объекттердин чек араларына периметри боюнча тикелей чектеш, ижара укугунан бошотулган муниципалдык аймак;
Коомдук келишим (ушул Эрежелер үчүн) - кызмат көрсөтүүчү менен керектөөчүнүн ортосунда түзүлгөн келишим, анда кызмат көрсөтүүчү ага кайрылган ар бир адамга карата аткарууга милдеттүү кызматтарды көрсөтүүчүнүн милдеттери белгиленген;
Коомдук сунуш/оферта (ушул Эрежелер үчүн) – кызмат көрсөтүүчүнүн сунушу, андан сунуш киргизген кызмат көрсөтүүчүнүн сунушта көрсөтүлгөн шарттарда келишим түзүү эрки байкалат;
Аймакты санитардык жактан тазалоо – аймакты тазалоо, көчөдөгү таштандыларды, калдыктарды чогултуу;
Көчөдөгү таштандылар – жолдордо, тротуарларда, эс алуучу сейил бактарда жана башка коомдук жайларда пайда болгон таштандылардын түрү (көчө таштандылары), алар грунт, кум-таш, топурак, табигый өсүүчү бак дарактардын материалдары (жыгачтар, өсүмдүктөрдүн калдыктары), кагаз, картон, полиэтилен, айнек, чүпүрөк, металл жана башка материалдардан турат.
Катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК) – адамдар күнүмдүк турмуш-тиричилигинде колдонгон, анын ичинде тамак-аш азыктарын жасоодон, турак үйлөрдү, үйдүн тегерегиндеги короолорду жана жалпы эл колдонуучу жайларды жыйноодон, турак жайларда үй жаныбарларын жана үй канаттууларын багуудан пайда болгон жана ошондой эле эскирген, үйдөгү пайдаланылбай калган буюмдардын калдыктары.
§3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чогултуу жана
чыгаруу иштерин уюштуруу
3.1. Айыл аймакка караштуу жерде жашаган же өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн физикалык же юридикалык тараптар (абоненттер) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары КТТК ташып чыгаруу кызматын көрсөтүүчү менен КТТК ташып чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
3.2. Жеке турак жайларда жана көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундарга КР Жарандык кодексинин нормаларына ылайык коомдук келишимдерди же коомдук офертанын негизиндеги келишимдерди түзүүгө жол берилет.
3.3. Айыл аймагынын жерлеринде КТТКны төмөнкү фракциялар боюнча милдеттүү түрдө сорттоо жүргүзүү киргизилет:
а) пластик бөтөлкөлөр, полиэтилен баштыктар, кагаз-картон сыяктуу кайра иштетүүчү калдыктар;
б) мөмө-жемиштер, жашылчалар түрүндөгү органикалык калдыктар;
в) калдыктар, сөөк, айнек, темир тезек буюмдары, от жаккандан чыккан күл сыяктуу кайра иштетилбеген таштандылар.
3.4. Жеке турак жайларда жашаган тургундар калдыктарды мүшөктөргө бөлүштүрүп иргейт.
3.5. Тургундар кварталдын/айылдын чогулушунда кийинки ташып чыгуу үчүн калдыктарды сактоочу жайларды макулдашат.
3.6. Көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундар калдыктарды контейнерлерге чогултат.
3.7. Контейнер аянтчаларынын бети асфальтталып же бетон менен жабылып, кирип-чыгууга ыңгайлуу жолдун боюнда эңкейиште жайгашууга тийиш.
3.8. Контейнер аянтчаларынан ага жакын жайгашкан жерге таштандылар жайылбашы үчүн үч тарабынан тосулган тосмосу болушу керек. Контейнер аянтчаларын белгиленген тартипте иштелип чыккан жана макулдашылган жеке долбоорлор (эскиздер) боюнча жабык типтеги даярдоого жол берилет.
3.9. Контейнерлер дезинфекциялоочу каражаттар менен жууп тазаланып турушу керек.
3.10. Контейнер аянтчаларын тазалоо (жыйноо) үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
- жалпы колдонуудагы муниципалдык аймактарда жайгашкан контейнер аянтчалары кызмат көрсөтүүчүгө;
- ижарадагы, ээлик кылуудагы, пайдалануудагы аймактарда жайгашкандар боюнча ведомстволордо, мекеме/уюмдарда, ишканаларда ж.б. чарба жүргүзүүчү субъекттерде, физикалык жана юридикалык тараптарда болот.
3.11. Таштандылар салынган мүшөктөрдү же контейнерлердеги калдыктарды жүктөө учурунда чачылган таштандылар үчүн жоопкерчилик кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.
3.12. Чарба ишмердүүлүгүн жүргүзүүчү мекеме-уюмдардын таштандыларын чогултуу жана убактылуу сактоо ошол ишканалардын ушул максат үчүн атайын жабдылган шаймандарынын күчү менен ишке ашырылат.
3.13. Таштанды салынган мүшөктөрдү чогултуучу аянттардын же таштандылар салынган мүшөктөрдүн ашып-ташып жыйылып кетишине, контейнерлердеги таштандыларды өрттөөгө жол берилбейт. Таштандылар графиги боюнча өз убагында ташылып кетүүгө тийиш.
3.14. Контейнер аянтчаларын жана контейнерлерди эксплуатациялаган жана тейлеген мекеме-уюмдар өз убагында ремонттоп, оңдоо иштерин жүргүзүп, пайдалануудан чыккан контейнерлерди алмаштыруусу керек.
3.15. Таштандыларды чогултуу үчүн жайлар же контейнерлер жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, айыл башчылары, кварталдык комитеттер жана катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү менен макулдашуу боюнча атайын жабдылган аянтчаларга коюлат.
3.16. Жолдун өтүүчү бөлүгүнө, тротуарларга, газондорго, ошондой эле ирригациялык каналдардан 10 метрден жакын аралыкка таштанды салынган мүшөктөрдү коюуга жана контейнерлерди орнотууга тыюу салынат.
3.17. Түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерден таштандыларды чыгаруу катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан ишке ашырылат.
3.18. Кызмат көрсөтүүчүнүн тейлөөсүнө кирбеген юридикалык жактар таштандыларды өздүк автотранспорт каражаттары менен таштанды жайларына ташып чыгарышат.
3.19. Түзүлгөн келишимдерге ылайык, абоненттерден катуу турмуш-тиричилик калдыктарды ташып чыгаруу үчүн төлөмдөр жергиликтүү кеңеш бекиткен тарифке ылайык алынат.
3.20. Юридикалык жана жеке жактар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жергиликтүү кенештин чечимине жана кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишимдерге ылайык өз убагында жана толук көлөмдө төлөөгө милдеттүү.
3.21. §5, 2-пунктта көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин ченемдерине ылайык, көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
3.22. Көлөмдүү таштандыларды (калдыктарды) чыгаруу үчүн жоопкерчилик ири өлчөмдөгү калдыктарга ээ болгон ишканаларга, мекемелерге жана жеке жактарга жүктөлөт.
3.23. Кыймылсыз объекттерди курууну жана (же) оңдоону жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар ишти баштоонун алдында курулуш калдыктарын чыгаруу боюнча келишимдерди түзүүгө, аларды өз алдынча (таштанды чыгаруу келишимине ылайык) же таштанды чыгаруучу кызмат көрсөтүүчү менен түзүлгөн келишим боюнча алып чыгууга милдеттүү.
3.24. Газондорду түшкөн жалбырактардан тазалоо, бак-дарактарды санитардык кыркуу, бак-дарактарды кыюу, тосмолорду бузуу, чөптөрдү чабуу жана башка иштердин натыйжасында пайда болгон таштандылар катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан жүзөгө ашырылат.
3.25. Муниципалдык көчөлөрдү жана аянттарды муниципалдык заказ боюнча тазалоонун натыйжасында пайда болгон көчө таштандыларын чыгарууну катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү ишке ашырат.
3.26. Көчөлөргө, базарларга, сейил бактарга жана башка коомдук жайларга таштанды челектерин орнотуу зарыл.
3.27. Калк массалык түрдө баруучу жайларда таштанды челектер бири-биринен 50 метр аралыкта жайгаштырылат. Көчөлөрдө бири-биринен 100 метрге чейинки аралыкта болот. Таштанды челектер ар бир кире бериштеги көп кабаттуу турак жайлардын короолорунда болушу керек. Жүргүнчүлөрдү ташуучу коомдук транспорттун аялдамаларында жана мекеме-уюмдарга кире бериште таштанды челектердин саны экиден кем эмес болууга тийиш.
3.28. Таштанды челектер бекитилип берилген аймактарды тейлөөгө жооптуу жеке жана юридикалык жактар тарабынан өз каражаттарынын эсебинен орнотулат.
3.29. Таштанды челектерди тазалоо иштери катуу турмуш-тиричилик калдыктарды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчү тарабынан толтурулганына жараша, бирок күнүнө бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. Таштанды челектер алардын кирдегенине жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жуулат.
3.30. Бөлүнгөн жерге орнотулган таштанды челектерди объекттердин ээлери жана ижарачылары жууйт.
3.31. Таштандыларды уруксатсыз таштоого, өрттөөгө күнөөлүү адамдар укук бузуулар жөнүндө колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопкерчиликке тартылат.
3.32. Таштандыларды уруксатсыз таштаган адамдарды аныктоого мүмкүн болбогон учурда, таштандыларды жок кылуу жана уруксат берилбеген таштанды таштоочу жайларды рекультивациялоо жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же ал жактан ыйгарым укук берилген адам тарабынан белгиленген тартипте, белгиленген мөөнөттөрдө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
3.33. Таштандыларды жок кылуучу жайларды күтүү үчүн жоопкерчилик айыл өкмөтүнө жана таштандыларды чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө жүктөлөт.