Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI -сессиясынын

2024-жылдын 09-январы № XXVI-1

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн пландарын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Гулистан айылдык кеңеши  Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышын көрүп чыкты. Айыл өкмөтү тарабынан стратегиялык планда каралган бир катар иштер аткарылгандыгын, айрыкча социалдык чөйрөдө пландаштырылган  иштер толугу менен аткарылгандыгын белгилейт. Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү жана инвестиция саясаты боюнча туруктуу иш жүргүзүлбөй  жаткандыгы боюнча кемчиликтерди белгилеп, Гулистан айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамынын 4-бөлүмдүн 31-беренесинин  негизинде

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Гулистан айыл аймагынын 2023-жылга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык планынын аткарылышы кемчиликтерди белгилөө менен канаатандырарлык деп белгиленсин.

2. Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча берген маалыматы Гулистан айылдык кеңеши тарабынан маалымат ордунда кабыл алынсын. (Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча маалымат тиркелет).

3. Айыл аймагындагы бардык чөйрөлөрдө жүргүзүлүп жаткан иштер стратегиялык пландын негизинде алып барылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

Төрага:

 У. Мирзакулов

 

 Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын №1-токтомуна тиркеме

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 12-айында жергиликтүү бюджеттин  пландарын  аткарылышы

миң. сом

№

Аталышы

2023-жыл 12 айлык план

2023-жыл 12 айында аткарылганы

 

 

1

Салык агенти төлөгөн киреше салыгы

17608,5

17788,0

 

2

Патент негизиндеги салык

3323,4

3356,4

 

3

Ишкердик иш-аракет жүргүзүү үчүн колдонулган кыймылсыз мүлк салыгы

322,0

385,0

 

4

Жеке адамдын транспорт салыгы

2020,0

2294,3

 

5

Физикалык тараптардан алынуучу жер салыгы

480,0

620,5

 

6

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

0,0

38,9

 

7

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

737,0

743,8

 

8

Кен байлыктарды казуу үчүн лицензия кармоо үчүн акы төлөө

0,0

4,8

 

9

Кайра бөлүштүрүү фондунун жер акысы

197,0

197,1

 

10

Таштанды төлөмү

720,0

567,6

 

11

Жайыттын арендасы

300,0

280,0

 

12

Атайын каражаттар

2520,0

2520,0

 

13

Муниципалдык жер арендасы

55,0

24,3

 

14

Максаттуу  трансферт

460,0

460,0

 

15

Республикалык бюджеттен келген компенсация

1255,4

1255,4

 

 

Жергиликтүү бюджетин жалпысы

29998,3

30536,1

 

 

Гулистан айылдык

кеңешинин

жооптуу катчысы:

 А. Абдураимов