Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын

2024-жылдын 09-январы № XXVI-2

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы айылдык бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга айылдык бюджеттин жана 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2022-жылга  айылдык бюджетинин аткарылышы, 2024-жылга каралган айылдык бюджети жөнүндөгү маселени «Кыргыз Республикасынын  2023-жылга республикалык бюджети  жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын негизинде иштелип чыгылган.  Долбоор тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда Гулистан айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан каралып чыгылган. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү»  Мыйзамынын 27-статьясынын 5-пунктуна  ылайык Гулистан айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Гулистан айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын “Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджетинин талкулоо боюнча” 2024-жылдын 8-январындагы өткөрүлгөн отурумунун №1-Протоколунун чечимдерин бекитүүгө макулдук берилсин.

2.2024-жылга Гулистан айыл өкмөтүнүн айылдык бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 30289,4 миң сом, анын ичинен атайын каражат эсеби 2520,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3.2024-жылга айылдык бюджеттин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

Айылдык бюджеттин чыгаша бөлүгү 2024-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (эмгек акы, соц. фондко чегерүү, тамак-аш жана коммуналдык кызматтарга) каржылануусу белгиленсин.

4.Атайын каражаттардын кирешесинин сметада бекитилген өлчөмүнөн ашыкча бөлүгү толугу менен айылдык бюджеттик мекеменин каржылоосуна калары аныкталсын.

Айылдык бюджеттик мекемелери казыналыктын регионалдык бөлүмдөрүнөн тышкары, мекеменин кассасы аркылуу атайын каражаттарын чыгымдоого тыюу салынсын.

Атайын каражаттар казыналыктан тышкары (бюджеттик мекемелердин кассасы аркылуу) чыгымдалган учурда Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети, 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндөгү» Мыйзамынын 14-беренесинин 2- пунктуна ылайык бул каражаттын 100 пайыз республикалык бюджетке алынып коюулары эскертилсин.

5.Айыл өкмөтүнүн башчысы төмөнкүгө укуктуу:

- Ушул токтомдун 1-беренесинде бекитилген суммалардын чегинде, эгер бул айылдык бюджеттин киреше бөлүгүнөн азайтууга алып келбесе ушул токтомдун тиркемелерине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

- ченемдик укуктук актылардын өзгөрүүсүнүн негизинде жыл ичинде тактоолорду жүргүзүүгө;

- киреше бөлүгүнөн белгиленген пландан ашыкча түшкөн каражаттын эсебинен чыгаша бөлүгүнүн өлчөмүн көбөйтүү жагын кароо.

6.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын 01-январына жергиликтүү бюджеттен калган акча-каражаттары (Жергиликтүү бюджеттен 791,0 миң сом), жана атайын каражаттардын калдыгы (Балдар бакчаларынын ар түрдүү иш-чаралары – 226,3 миң сом өлчөмүндө) 2024-жылдын 1-кварталында бөлүштүрүлсүн (Тиркеме тиркелет).

7.Жергиликтүү бюджеттик мекеме-ишканалардын финансалык - экономикалык негиздерин чындоо, алардын финансалык мамлекеттик каражаттарды максаттуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн жана финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы тарабынан көзөмөлгө алынсын.

8.Гулистан айыл өкмөтунүн 2025-2026-жылдарга жергиликтүү бюджетинин божомолу бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)

9.Гулистан айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы айылдык бюджеттин киреше бөлүгү 29232,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү 30507,1 миң сомго же кирешенин чыгашадан 1274,5 миң сомго артыкчалыгы менен аткарылгандыгы № 2,3 тиркемелерге ылайык белгиленсин.

10.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин «Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

           

Төрага:

 У. Мирзакулов

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги  XXVI-сессиясынын №2 -токтомуна   № 1- тиркеме

 

 

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2024-жылга жергиликтүү бюджети  (миң сом)

Салык  агенти  төлөгөн  киреше  салыгы

18187,0

Милдеттүү  патенттөө  негизиндеги  салык

0,0

Патент   негизиндеги  салык

4657,4

Ишкердик   иш-аракет  жүргүзүү  үчүн  колдонулбаган  кыймылсыз  мүлк  салыгы   1-группа

16,7

Ишкердик   иш-аракет  жүргүзүү  үчүн  колдонулган  кыймылсыз  мүлк  салыгы  2-группа

376,0

Жеке адамдардын транспорт каражатына  салык

2080,0

Физикалык  тараптардан  алынуучу  жер  салыгы

480,0

Айыл  чарба  багытындагы  жер  салыгы

0,0

Айыл  чарба  багытындагы  эмес  жер  салыгы

737,0

Кен байлыктарды  казууга лицензия кармоо  үчүн  акы  төлөө

0,0

Жайыт  ижарасы  үчүн  акы төлөө

300,0

Кайра бөлүштүрүү фондунун  ижара  акысы

197,0

Таштанды  төлөмү

683,3

Калктуу  пункттардагы  жерлерден алынуучу акы

55,0

Атайын  каражаттар

2520,0

Толуктоочу грант

0,0

Кирешелердин жыйынтыгы

30289,4

Жалпы  максаттагы мамлекеттик  кызмат көрсөтүүлөр

13766,9

Айылдык  кеңеш

1200,0

Айыл өкмөтүнүн резервдик фонду

300,0

Коргонуу

250,0

Экономикалык  маселелер

1700,0

Айыл  чарба  (Жайыт)

300,0

Турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр

4805,6

Эс алуу, маданият  жана дин

1161,9

Билим  берүү

6205,0

Социалдык  коргоо

600,0

Чыгашалар  жыйынтыгы:

30289,4