МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/90
Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 “Айыл чарбьа жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндөтиптүү жобо тууралуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” №26 токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу “трансформациялоо” тартиби жөнүндө” Жобонун, 2023-жылдын 19-июлундагы №5 чечиминин негизинде Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү Iсессиясы токтом кылат:
1,Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылында жайгашкан №1689 контурунан 2,47 га №1701-контурунан 0,94, №1025-контурунан 0,59га, жалпы 4 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы” жайыт жерлер жана мал айдоочу жол категориясынан “Өнөржайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп, https://min-bulak.gov.kg/веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси А.Жакшылыковго милдеттендирилсин..
Тѳрага | А. Жамангулов |
|
|