Редакцияот 15.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 7-сессиясы

 

2022-жылдын 15-сентябры  № 09

Тепе-Коргон айылынын тургуну Мирзакаримов Абиджандын арызы жөнүндө

Мирзакаримов Абиджан арыз менен кайрылып, өзүнүн менчигиндеги малкеттик акттысы Серия №0017742 (06.05.2003-жыл иден:№5020510010046) 1900,0 чарчы метр жер тилкеси талаа шыйпан жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Мирзакаримов Абиджандын арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү болгон 1900,0 чарчы метр талаа шыйпан жер тилкесин турак-жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

 

А. Арзиев