ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 03
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Лохочи участкасынын тургуну Раимжонов Набижандын арызы жөнүндө
Раимжонов Набижан арыз менен кайрылып, өзүнүн менчигиндеги мамлекеттик актысы Серия №1114858 (21.11.2022-жыл иден:№5020510012322) 19,80 чарчы метр жер тилкеси турак жай жер тилкеси багытында болгондуктан, аны соода жайы багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Тепе-Коргон айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Раимжонов Набижандын арызы канааттандырылып,өзүнө тиешелүү болгон 19,80 чарчы метр турак жай жер тилкесин соода жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |