ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 05
Тепе-Коргон айыл өкмөтүнүн Жар-кыштак участкасынын тургуну Сидиков Мухаммаддын арызы жөнүндө
Сидиков Мухаммад арыз менен кайрылып, өзүнүн менчигиндеги мамлекеттик актысы Серия №459299 (20.06.2013-жыл иден:№5020510011827) 780,0 чарчы метр жер тилкеси жыгач устачылык жана май куюу цехи үчүн жер тилкеси багытында болгондуктан,аны багытын турак-жай багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.
Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Тепе-Коргон айылдык Кеңеши төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сидиков Мухаммаддын арызы канааттандырылып,өзүнө тиешелүү болгон 780,0 чарчы метр жыгач устачылык жана май куюу цехи үчүн жер тилкесин турак жай багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага |
|
| А. Арзиев |