Редакцияот 18.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕПЕ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Тепе-Коргон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясы

 

2023-жылдын 18-январы  № 09

Карабаев Мурад Амановичтин арызы жөнүндө

Карабаев Мурад Аманович арыз менен кайрылып, өзүнүн менчигиндеги малкеттик акттысы Серия Ч №1114749 (03.11.2022-жыл  иден: №5020510012315) 804,0 чарчы метр  айыл чарба күнөскана жер тилкеси багытында болгондуктан, анын багытын мончо жана спорткомплекс багытына өзгөртүүгө уруксат берүүнү суранган.

Арыз боюнча А.Арзиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Тепе-Коргон айылдык Кенеши төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.            Карабаев Мурад Амановичтин арызы канааттандырылып, өзүнө тиешелүү болгон 804,0 чарчы метр айыл чарба күнөскана жер тилкесин, мончо жана спорткомплекс багытына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.            Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

Төрага

 

 

А. Арзиев