ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын
2024-жылдын 09-январы № XXVI-3
Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2023-жылдагы аткарган иштерин, 2024-жылга бюджетин, жайыт акы тарифтерин жана ички тартип эрежелерин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл аймагында 2010-жылда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жайыт Мыйзамынын” негизинде жайыт комитети түзүлгөн. 2023-жылда жайыт комитети бекитилип берилген бюджетти 445 миң сом болсо, аткарылганы 461,3 миң сомду түзгөн жана бекитилген бюджеттин кирешелери 103,6% га аткарылган. Айыл өкмөтү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдын 26-декабрындагы жалпы жыйынынын № 01/23 протоколу менен таанышып жана тийиштүү кошумча, өзгөртүүлөрдү киргизген. Гулистан айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар (ЖПБ) бирикмесинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 01/23-Протоколун бекитүүгө макулдук берилсин.
2.Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2023-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
3.Гулистан айыл аймагынын ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылга белгиленген бюджети бекитилсин. (Тиркеме тиркелет)
4.Гулистан жайыт комитетинин 2024-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо, жайыттардын тоюттуулугун жакшыртуу боюнча аткарыла турган иштерин колдоо максатында айыл өкмөтүнөн каражат бөлүнүүсү суралсын.
5.2024-жылга карата ЖПБнин 2023-жылдын 26-декабрындагы жалпы жыйынында сунушталган жайыт акы тарифтери, жайыт акын төлөө келишими жана ички тартип эрежелери бекитилсин. (Тиркемелер тиркелет)
6.Гулистан ЖПБнин жайыт комитетинин 2024-жылда жайыт инфраструктурасын оңдоо, жайыттарды жакшыртуу боюнча аткарыла турган иштерин көзөмөлгө алуу айыл өкмөтүнө жана ЖПБнин текшерүү комиссиясына тапшырылсын.
7.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |
| Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XХVI -3-сессиясынын токтомуна № 1-тиркеме.
|
Бекитем: Макулдашылды:
Гулистан айылдык Кеңешинин Гулистан айыл өкмөтунун ФЭБ төрагасы: кол тамгасы, мөөрү Мирзакулов У. башчысы: кол тамгасы, мөөрү Таштемиров
|
|
Гулистан ЖПБ нин 2024-жылга бюджети.
Киреше булагы
№ | Малдын түрү | Саны | Мал-жандыктын жайытта жүрүү убагы | Бир башка сезонго жайыт акысы, сом | Жалпы суммасы (сом) |
1 | Кара мал жыл ичинде | 600 | 4 ай | 200-00 | 120.000 |
| торпок | 100 | 2 ай | 50-00 | 5.000 |
2 | Жылкы | 100 | 5 ай | 250-00 | 25.000 |
| тай | 40 | 2 ай | 50-00 | 2.000 |
3 | Кой | 900 | 5 ай | 125-00 | 112.500 |
| Козу | 100 | 3 ай | 42-00 | 4.200 |
4 | Эчки | 100 | 5 ай | 175-00 | 17.500 |
| улак | 30 | 3 ай | 42-00 | 1.300 |
| Жалпы жайытка мал багуудан |
|
|
| 287.500 |
5 | Жайытты башка максатта пайдалануу (бак, эгин айдоо, тоют даярдоо даары чөп жыйноо,туризм ж.б.) |
|
|
|
12.500 |
| Жалпы жайыт пайдалануудан |
|
|
| 300.000 |
| Техникаларды ижаралоо |
|
|
| 168.000 |
7 | Жалпы киреше |
|
|
| 468.000 |
Чыгаша бөлугу
№ | Мазмуну | Бир айга (сом) | Кварталдар менен | Жалпы суммасы (сом) | |||
1 | 2 | 3 | 4 | ||||
1 | ЖПБнын төрагасынын эмгек акысы | 10000 | 30000 | 30000 | 30000 | 30000 | 120.000 |
2 | ЖПБнын эсепчисинин эмгек акысы | 8000 | 24000 | 24000 | 24000 | 24000 | 96.000 |
3 | ЖПБнын инспекторлорунун эмгек акысы (2) | 7000 | 21000 | 21000 | 21000 | 21000 | 84.000 |
| Баары: |
|
|
|
|
| 300.000 |
4 | Транспорт чыгымы (АИ) |
|
| 4000 | 4000 | 4000 | 12.000 |
5 | Сапар чыгымы |
|
| 5000 | 5000 | 6000 | 16.000 |
6 | Бирдиктүү салык |
| 2000 | 6000 | 6000 | 4700 | 18.700 |
7 | Соц. төлөм 25,25% |
| 11700 | 11700 | 11700 | 11700 | 46.800 |
8 | Сатуудан тушкөн салык 6% |
|
| 8000 | 8000 | 8000 | 24.000 |
9 | Ж. б. Чыгымдар (канцтовар) |
| 1000 | 1000 | 1000 | 1000 | 4.000 |
10 | Жайыт инфраструктурасына |
|
| 26500 | 10000 | 10000 | 46.500 |
| Жалпы чыгым |
|
|
|
|
| 468.000 |
Гулистан ЖПБнин төрагасы:
Бухгалтери: | О. Сабиров
Р. Сагынбаев |
| Гулистан айылык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XХVI -3-сессиясынын токтомуна № 2-тиркеме. |
Бекитем: Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы: кол тамгасы, мөөрү У. Мирзакулов |
|
Гулистан айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин 2023-жылдын 26-декабрындагы жалпы жыйналышында кабыл алган ички тартип эрежелери жана административдик чара көрүүлөр
1.Ички жайытка мал-жандык көчүү 2024-жылдын 25-марттан 10-майына чейин, алыскы жайытка көчүү 01-майдан 01-июньга чейин, алыскы жайыттан көчүп келүү 1-сентябрьдан эрте эмес мөөнөттө белгиленсин.
2.Жайыттарды эс алдыруу максатында 2024-жылдын 1-нобрынан малчы-койчулар мал-жандыктарды мал ээлерине тапшырсын жана кышкы мезгилге жайытка топоз, жылкы багуучуларга кошумча жайыт акы төлөөлөрдү милдеттендирилип, уруксатсыз мал баккандарга административдик чаралар көрүлсүн.
3.2024-жылдын 10-апрелинен баштап дыйкандардын үлүш жерлерине корук уюштуруу жер ээлерине милдеттендирилсин. Мал ээлерине короосундагы малдардын көзөмөлдөөсү күчөтүлүүсү эскертирилсин. Корук уюштурууга айыл өкмөтү көмөк көрсөтсүн.