ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын
2024-жылдын 09-январы № XXVI-4
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” суу пайдалануучулар ассоциациясынын 2023-жылда аткарган иштери жана 2024-жылга бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” сугат суудан пайдалануучулар уюмунун 2023-жылда бюджетин аткарылышын карап чыгып, сугат суудан пайдалануучулар уюмунун аткарган иштеринде кемичилдиктер көп экендигин аныкталды. 2023-жылга бекитилген бюджети 1 млн 400 сомду түзсө, аткарылганы 952 миң 600 сом болуп, өздөрү тарабынан түзүлгөн бюджет 68 % аткарылып, айыл өкмөтү тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынбаган. Гулистан айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясы “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун 2024-жылга бюджетин карап чыгып, өзгөртүү жана толуктоолор киргизди. 2024-жылда төлөнүүчү насыя төлөмүн 400 миң сом төлөө шарты менен Гулистан айылдык кеңеши сугат суунун төлөмүн 1 сотых жерге 20 сомго бекитип берүүнү чечти. Гулистан айылдык кеңеши АСИР суудан пайдалануучулар уюмунун 2024-жылга бюджетин бекитип берүү максатында:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун 2023-жылдагы бюджетинин аткарылышы кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.
2.“АСИР” суудан пайдалануучулар уюумунун 2024-жылдагы бюджети 1 млн 400 миң сомго бекитилсин.
3.“АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун сугат суу кызмат акысы 1 сотых жерине 20 сом болуп белгиленсин, насыя төлөмдөрүн 2024-жылда 400 миң сом төлөө шарты менен.
4.Жеке тамаркаларга бир жылга сугат суу төлөмү төмөнкүдөй болуп бекитилсин: 1. 0,08 гектарга чейинки жерге төлөм – 100 сом; 2. 0,08 гектардан жогоркусу– 250 сом болуп бекитилсин.
5.“АСИР” суудан пайдалануучулар уюмунун аткарып жаткан иштерин туруктуу көзөмөлгө алып, аткарылган иштер жөнүндө Гулистан айылдык кенешинин кезектеги сессиясына маалымат берүү Гулистан айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |