Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын

2024-жылдын 09-январы № XXVI-5

Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун 2023-жылда аткарган иштери жана 2024-жылга таза суу тарифин бекитип берүү жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо максатында 2001-жылда “Кара-Турпак таза суу” уюму түзүлгөн. Бирок 2018-жылга чейин бул уюм түрдүү себептер менен иш жүргүзбөгөн. 2018-жылда айыл аймагында калкты ичимдик суу менен камсыздоо, ичимдик суу түтүктөрүн реабилитациялоо, инвестиция тартуу максатында “Кара-Турпак таза суу” уюму кайрадан юстициядан катоодон өткөрүлгөн. Жетекчиси жаңыдан дайындалган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин белгиленген иштер толук аткарылбай келүүдө. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени карап чыгып, “Кара-Турпак таза суу” уюмунун ишин жандандыруу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы “Кара-Турпак таза суу” уюмунун аткарып жаткан иштери кемчиликтери менен канааттандыраарлык деп белгиленсин.

2.Айыл аймагында ичимдик суу үчүн тариф 2024-жылга суу түтүгү үйүнө орнотулган кожолуктарга айына 200 сомдон, көчөдөгү суу түтүктөрүнөн пайдалануучу кожолуктарга айына 100 сомдон, суу эсептегич орнотулган кожолуктардан бир метр кубуна 20 сомдон деп белгиленсин.

3.“Кара-Турпак таза суу” уюмунун жетекчиси Э. Бектемировго:

-Айыл аймагындагы бардык таза суу түтүктөрүн тейлөөгө алуу.

-Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын аткарылышы боюнча 2024-жылдын 1-кварталында маалымат берүү тапшырылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:

 У. Мирзакулов