ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын
2024-жылдын 09-январы № XXVI-9
Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга иш-планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери” жөнүндөгү Мыйзамдарында белгиленген жергиликтүү кеңештердин компетенциясынын негизинде, айылдык кеңештин иш планы түзүлүп, бекитүлүүсү керек.
Күн тартибиндеги маселени көрүп чыгып жана талкуулап, Гулистан айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин. (Иш-план тиркелет)
2.Ушул иш пландын негизинде иш алып баруу айылдык кеңештин бардык туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А. Абдураимовго жүктөлсүн.
Төрага: | У. Мирзакулов |
Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планы
№ | Аткарылуучу иштердин мазмуну | Аткаруу мөөнөтү | Ким аткарат | Эскертүү |
1 | Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылга иш планын бекитүү | Январь 2024-жыл | Гулистан айылдык кеңешинин төрагасы У. Мирзакулов |
|
2 | Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга бюджеттин болжолун бекитүү жөнүндө | Январь 2024-жыл | Гулистан айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча”туруктуу комиссиясы |
|
3 | Гулистан айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2023-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу, 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө | Январь 2024-жыл | Гулистан айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмеси, туруктуу комиссия |
|
4 | Гулистан айыл өкмөтүнүн алдындагы СООППВ “Кара-Турпак таза суу” уюмунун 2023-жылдагы аткарган иштеринин отчетун угуу жана 2024-жылга карата иш жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө | Январь 2024-жыл | СООППВ “Кара-Турпак таза суу” уюмунун жетекчиси Э. Бектемиров |
|
5 | Гулистан айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы иштердин аткарылышы боюнча жылдык отчётун угуу жөнүндө
| Февраль, март 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаров |
|
6 | Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын алты айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
| Июль 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаров |
|
7 | Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин алты ай ичинде аткарылышы жөнүндө
| Июль 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ш. Таштемиров |
|
8 | Гулистан айыл аймагындагы мектептердин 2024-2025-окуу жылына карата даярдыгы, ремонту жана кышка карата даярдыгынын абалы жөнүндө | Август 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары И. Айбашов |
|
9 | Айыл аймагындагы элдин малдарынын эпизоотиялык абалы тууралуу вет адистин маалыматын угуу | Август 2024-жыл | Вет адис, айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы
|
|
10 | Элдик курултай өткөрүүгө даярдыктарды көрүү | Сентябрь, Октябрь 2024-жыл | Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Абдураимов |
|
11 | Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын тогуз айында аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө
| Октябрь 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаров |
|
12 | Гулистан айыл өкмөтүнүн соц.кызматкерлеринин 2024-жылдагы аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө | Ноябрь 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн соц.кызматкери Г. Раимбердиева |
|
13 | Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча адисинин 2024-жылда аткарган иштеринин отчётун угуу жөнүндө | Ноябрь 2024-жыл | Гулистан айыл өкмөтүнүн айыл чарбасы боюнча адиси А. Тажимаматов |
|
Айылдык кеңешинин практикалык иш-чаралары
1 | Депутаттардын, айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерине практикалык жардам көрсөтүү | Дайыма | Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы А. Абдураимов |
|
2 | Айыл кеңешинин алдында түзүлгөн коомдук уюмдардын иштерине усулдук практикалык жардам көрсөтүү | Квартал сайын | Гулистан айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясы, жооптуу катчысы А. Абдураимов |
|
3 | Туруктуу комиссиялардын отурумдарын өткөрүүгө көмөктөшүү | Дайыма | Айылдык кеңешинин депутаттары |
|
4 | Депутаттардын отчётторун угуп туруу | Ар алты айда | Айылдык кеңешинин депутаттары |
|
5 | Кыргыз Республикасынын Президентинин указдарынын, Кыргыз Өкмөтүнүн, областык жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорун, буйруктарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө алуу | Убагында | Гулистан айыл кеңешинин төрагасы У. Мирзакулов катчысы А. Абдураимов |
|
Гулистан айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: | А. Абдураимов |