Редакцияот 09.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын

2024-жылдын 09-январы № XXVI-11

Гулистан айыл аймагындагы мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2024-жылга электр энергиясына болгон лимиттерди бекитүү жөнүндө

Гулистан айыл аймагында жайгашкан мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2024-жылга электр энергиясына болгон керектелүүчү киловатт саат лимитин мыйзам боюнча айылдык кеңеши бекитип бериши керектелет. Ушул максатта Гулистан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Гулистан айыл аймагында жайгашкан мамлекеттик жана муниципалдык мекеме уюмдардын, артезиандык скважиналардын, көчөлөрдүн жарыктандыруусуна 2024-жылга электр энергиясына болгон 1 030 294 кВт саат өлчөмүндөгү лимити бекитилсин.

2.Электр энергиясын белгиленген лимиттен ашырбай пайдалануу ар бир мекеме уюмдардын жетекчилерине жана жооптуу кызматкерлерге милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов