ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезектеги XXVI-сессиясынын
2024-жылдын 09-январы № XXVI-12
Гулистан айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелердин тарбиялануучуларынын тамак ашына жардам катары Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен акча каражатты ажыратуу жөнүндө
Гулистан айыл аймагында эки мектепке чейинки билим берүү мекемеси иш жүргүзүп келүүдө. Бул эки билим берүү мекемесинде 300 бала тарбияланууда. Жыл сайын жергиликтүү бюджеттин эсебинен жардам катары тарбиялануучулардын тамак ашына акча каражаты бөлүнөт. 2024-жылда айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бул маселеге акча каражатын бөлүштүрүү пландаштырылган. Гулистан айылдык кеңеши бул маселени көрүп чыгып жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гулистан айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбиялануучу 300 баланын тамак ашына жардам катары айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин эсебинен 1 080 000 (бир миллион сексен миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
2.Бөлүнгөн акча каражатты максаттуу иштетилишин көзөмөлгө алуу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш. Таштемировго тапшырылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына” тапшырылсын.
Төрага: | У. Мирзакулов |