Редакцияот 29.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXVII-сессиясынын

2024-жылдын 29-марты  № XXVII-1

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52-Токтомун аткарууга алып, Гулистан айылдык кеңешине кошумча иш-кагаздарды жүргүзүү боюнча бир штаттык бирдикти киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндөгү”  № 52-Токтомунун 5-тиркемесинде жергиликтүү кеңештердин штаттык санынын чеги көрсөтүлгөн. Ушул токтомдун 5-тиркемесинде көрсөтүлүшүнчө, калктын саны 20 001ден 100 000 адамга чейинки болгон аймактардын айылдык кеңештерине кошумча бир штаттык бирдик киргизилиши мүмкүндүгү билдирилген. Гулистан айылдык кеңеши жогорудагы токтомду аткарууга алып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52-Токтомун аткарууга алып, Гулистан айылдык кеңешине иш-кагаздарды жүргүзүү үчүн кошумча бир штаттык бирдик киргизүүгө макулдук берилсин.

2.Айылдык кеңештин бухгалтердик эсебин жана отчетуулугун жүргүзүү Гулистан айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнө тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов