Редакцияот 17.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXVIII-сессиясынын

2024-жылдын 17-апрели № XXVIII-1

Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровдун 17.04.2024-жылдагы №01-19/329 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 1992-жылдагы № 82-сандуу Токтомунун негизинде, Ноокат районунун мамлекеттик администрациясынын 22-октябрь 1993-жылдагы № 294-сандуу Токтому менен “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркы түзүлгөн. Бул парктын жалпы жер аянты 11172,0 гектар болуп, бул жер аянтынын ичине Гулистан айыл аймагынын “Чоң-Кыштоо” айылынын тургундарынын 10,07 га айдоо жерлери, 12,84 га жайыт жерлери жана 0,52 га башка жерлери, жалпысы болуп 23,43 га жер аянты кирип калган. Бул маселе азыркы күнгө чейин чечилген жок. Ушул маселени чечүү максатында, Гулистан айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Гулистан айыл аймагынын “Чоң-Кыштоо” айлындагы 10,07 га айдоо жери, 12,84 га жайыт жери жана 0,52 га башка жери, жалпысы болуп 23,43 га жер аянтын Гулистан айыл аймагына кайтаруу максатында, “Кыргыз-Ата” мамлекеттик жаратылыш паркын түзүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 18-март 1992-жылдагы № 82-сандуу Токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине бериле турган сунушка макулдук берилсин.

2.Тиешелүү болгон иш кагаздарын, документтерин даярдоо Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго милдеттендирилсин.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин “Айыл чарбасы, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов