Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXIX-сессиясынын

2024-жылдын 19-апрели № XXIX-3

Гулистан айылдык кеңешинин (VI-шайланган) 10.10.2019-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №XXII-4-Токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Гулистан айылдык кеңешинин (VI-шайланган) депутаттары өздөрүнүн  2019-жылдын 10-октябрындагы кезектеги XXII сессиясынын төртүнчү токтомунда Гулистан айыл аймагындагы айыл чарба багытындагы эмес жерлерден пайдалануунун абалы жөнүндөгү маселени көрүшкөн. Бүгүнкү күнгө келип Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”  Мыйзамы чыккандыгына байланыштуу, айылдык кеңешинин жогорудагы аты аталган токтомдогу кабыл алган маселелери мыйзамсыз болуп калды.  Гулистан айылдык кеңеши бул маселени көрүп чыгып,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Гулистан айылдык кеңешинин (VI-шайланган) депутаттарынын 2019-жылдын 10-октябрындагы кезектеги XXII сессиясынын № XXII-4 Токтому жокко чыгарылсын.

2.Гулистан айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 3-главасындагы беренелери боюнча иш алып барсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов