Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ГУЛИСТАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Гулистан айылдык кеңешинин (VII-шайланган) кезексиз XXIX-сессиясынын

2024-жылдын 19-апрели № XXIX-4

Гулистан айылдык кеңешинин 2024-жылдын 9-январындагы кезектеги XXVI-сессиясынын № XXVI-2-Токтому менен бекитилген, Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Гулистан айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы жергиликтүү бюджетинин башкаруу аппарат бөлүмүндө эконом болуп, топтолгон суммалар бар. Бул акчалар Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан административдик  аймактык реформанын алкагында айыл өкмөтүндөгү кыскартырылган ишчи орундардын маяналарынан эконом болгон сумма.  Бул топтолгон суммаларды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин керектелүүчү беренелерине бөлүштүрүү керек. Айрыкча жарандык коргонуу бөлүмүнө жергиликтүү бюджет тартыш болгондугуна байланыштуу, эконом болгон сумманы бөлүштүрүү керектелинет. Бул маселени Гулистан айылдык кеңеши көрүп чыгып, талкуулап “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 27, 34-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 04-августундагы “Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процесинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык көрсөтмөлөр жөнүндөгү” № 385-Токтомуна ылайык,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ: 

1.Гулистан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине № 1 тиркеме ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин. (Тиркеме тиркелет).

2.Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын максаттуу пайдалануу Гулистан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Шаназаровго жана Гулистан айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б. Эргешовага тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага:

 У. Мирзакулов

 

Гулистан айылдык кеңешинин  (VII-шайланган) кезексиз

29-сессиясынын № 4-Токтомуна № 1 тиркеме

Гулистан айыл өкмөтүнүн  2024-жылдын бюджетине  киргизилген өзгөртүүлөр (миң.сом)

 

 

4-квартал

берене

сумма

Кирешелер:

 

 

70111-бөлүм (Эмгек акы фонду аппарат)

2111

-260,8

70111-бөлүм (Соц.Фонд)

2121

-39,2

 

Кирешелердин бардыгы:

 

 

-300,0

 

 

 

 

 

 

 

Чыгашалар:

берене

сумма

70221-бөлүм (Жарандык коргонуу)

2215

300,0

 

 

 

 

Бардыгы:

 

 

300,0

Гулистан айылдык

кеңешинин жооптуу катчысы:            

 

 А. Абдураимов