ДЕПУТАТТАРДЫН ТАЛАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин VIII чакырылыштагы
кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылдын 10-майы № 237/34-8
Талас шаарынын курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-беренесинин 2-пункту, Талас шаарынын мэриясынын 23.04.2024-жылдагы №01-19/1053 чыгыш сандуу катынын негизинде, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын Курулуш куруу жана жерди пайдалануу эрежесинин мөөнөтү узартылып, тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаарынын мэриясынын сайтына жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасына (А.Кушубеков) тапшырылсын.
Төрага |
| К. Джаныбеков |
Талас шаарынын курлуш куруунун жана жерди пайдалануунун
ЭРЕЖЕСИ
I. Жалпы жоболор
II. Эреженин максаттары жана милдеттери
III. Эреженин колдонуу тармагы жана сактоо принциптери
IV. Курулуштун жаңы объекттерин жайгаштыруу, турган объекттерди
реконструкциялоо жана функциялык арналышын өзгөртүү
V. Жер участкаларын берүү, долбоорлоого жана курулушка уруксат
берүүчү документтерди берүүнүн тартиби
VI. Талас шаарынын аймагында куруу жана жер пайдалануу
VII. Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык
эксплуатациялоо
VIII. Транспорттук коммуникацияларга анын ичинде, велосипеддик,
жөө жүрүү кыймылына коюлган талаптар
IX. Аймактардын объекттерин жана автомагистралдардагы көркөм
жасалгалоого коюлган шаар курулуштук талаптар
X. Турган курулуштарды бузуу, убактылуу объекттерди жайгаштыруу
жана аларды эксплуатациялоо тартиби
XI. Cууларды, майда көлдөрдү жана башка сууларды пайдалануу тартиби.
XII. Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун башка ченемдери
XIII БӨЛҮК. КАРТОГРАФИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ШААР КУРУУ РЕГЛАМЕНТТЕРИ
XIX Экологиялык жана сейсмологиялык шарттар боюнча чектөөлөрдүн колдонулуу зоналарынын картасы
I. Жалпы жоболор
1. Талас шаарындагы курулуш куруунун жана жер пайдалануунун ушул эреже (мындан ары - Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, "Кыргыз Республикасынын шаар курулушу жана архитектурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
II. Эреженин максаттары жана милдеттери
2. Менчигинин түрүнө, иш багытына, каржылоо булагына, жер участогунун көлөмүнө, курулуштук көлөмүнө, ошондой эле инженердик-транспорттук инфраструктурага карабастан Талас шаарында объекттерди курууну жана жерди пайдаланууну шаар курулуштук жөнгө салуу, ошондой эле техникалык эксплуатациялоону регламенттештирүү ушул Эреженин негизги максаты болуп саналат.
3. Талас шаарынын функционалдык зоналары аныктайт.
4. Талас шаарында курулуш курууну жана жерди пайдаланууну тартипке келтирүүнү белгилөө жана камсыздоо Эреженин милдеттери болуп саналат.
III. Эрежелерди колдонуу тармагы жана сактоо принциптери
5. Бул Эреже Талас шаарынын шаар курулуштук документтерин даярдоонун негизги куралдарынын бири болуп саналат жана бардык шаар курулуштук-архитектуралык иштин субъекттери үчүн милдеттүү болот.
6. Бул Эреже төмөнкүдөй талаптардын бирдиктүү тартибин регламенттейт жана белгилейт:
- имараттарды жана курулмаларды, анын ичинде алардын комплекстерин эксплуатациялоо;
- жалпы пайдалануудагы аймактарды эксплуатациялоо, санитардык-экологиялык, өрткө каршы жана башка ченемдерди сактоо;
- калктуу конуштардын аймактарында куруу жана жер пайдалануу;
- инженердик коммуникацияларды техникалык жактан эксплуатациялоо;
- объекттерге жана сырткы жарнакка, автожолдогу, трассалардагы жана рекреациялык зоналардагы объекттердин көркөм жасалгасына талаптар;
- велосипед менен жана жөө жүрүүнү кошкондо, транспорттук коммуникацияларга талаптар;
- курулуштарды бузуу, убактылуу курулмаларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо;
- сууларды, майда көлдөрдү жана башка сууларды пайдалануу.
IV. Курулуштун жаңы объекттерин жайгаштыруу, турган объекттерди реконструкциялоо жана функциялык арналышын өзгөртүү
7. Жаңы объекттерди жайгаштыруу Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан Талас шаарынын, шаар курулуштук документтерине ылайык табыштамалардын жана тийиштүү уруксат документтеринин негизинде жүргүзүлөт. Ошондой эле өткөрүлгөн аукциондордун же конкурстардын жыйынтыктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынган жер участкаларына менчик укугун берүү жөнүндө токтомдору негиз болуп эсептелет.
8. Турган объекттерди функциялык арналышын өзгөртүү менен реконструкциялоо (кайра профилдөө) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августу № 114 токтомуна ылайык жүргүзүлөт.
V. Жер участкаларын берүү, долбоорлоого жана курулушка уруксат берүүчү документтерди берүүнүн тартиби
9. Объекттердин курулушуна жер участкаларын берүү Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 77-статьясына ылайык жүргүзүлөт. Муниципалдык менчикте турган жер участкаларын менчикке же ижарага берүү ачык тооруктарда (аукциондордо, конкурстарда) жүргүзүлөт, буга Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинде каралган жер участкаларын акысыз берүү учурлары (жеке жакка турак-жай куруу үчүн бир жолу жер участогун берүү) кошулбайт. Жер участокторуна укуктарды берүү процессин ишке ашыруу үчүн жерге укукту берүү боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) түзүлөт. Комиссия Талас шааырын мэриясынын буйругунун негизинде түзүлүп, өз ишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтому менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобонун жана депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан бекитилген башка документтерге ылайык жүргүзөт.
10. Объекттерди долбоорлоого, курууга жана пайдаланууга кабыл алууга уруксат берүүчү тиешелүү документтерди берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августу №114 "Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн объекттердин ылайыктуулугун баалоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык жөнгө салынат.
VI. Калктуу конуштардын аймактарында куруу жана жер пайдалануу
11. Талас шаарынын курулуш куруу жана жер пайдалануу Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана жер мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына жана ченемдик-укуктук актыларында негизги багыттарын аныктаган шаар куруу жана башка документтер эске алынып, жөнгө салынат.
Талас шаарынын курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежеси Талас шаарынын мэриясы тарабынан тиешелүү кызматтар менен иштелип чыгып, депутаттардын Талас шаардык кеңеши тарабынан бекитилет.
12. Талас шаарынын курулуш куруунун жана жер пайдалануунун эрежеси Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Талас шаарынын курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуу системасын киргизет, ал төмөнкүлөргө негизделет:
- зонага бөлүү укугуна – шаар аймагынын чегинде бардык аймакты зоналарга бөлүү, анда ар бир зона үчүн кыймылсыз мүлктү пайдалануунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери, кошумча шаар куруу регламенттери боюнча шаар куруу регламенттери белгиленет;
- чекке бөлүүгө - жер участкаларынын чектерин белгилөө жана жер жүгүртүүгө тартуу үчүн даярдалуучу кыймылсыз мүлк объектине айлантуу.
13. Куруу жана жер участкаларын пайдалануу боюнча чечимдер шаар куруу регламенттеринин негизинде кабыл алынат, алар зоналардын чегинде колдонулуп, ошол эле зонада жайгашкан бардык жер участкаларына, менчигинин түрүнө карабастан башка кыймылсыз мүлк объекттерине колдонулат.
VII. Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык эксплуатациялоо
14. Инженердик коммуникациялар жана курулмалар объекттерин: суу түтүктөрүн, суу тосмолорун, канализациялык тармактарын, канализациялык-насостук станцияларын, тазалоо курулмаларын, трансформатордук подстанцияларды, электр тармактарын, жарык берүү элементтерин, жылуулук түтүктөрүн, мештерди, телекоммуникациялык тармактар менен байланышты техникалык эксплуатациялоо техникалык ченемдерди жана Эксплуатациялоо жана башкаруу эрежелерин сактоо, системалардын үзгүлтүксүз иштешин жана коопсуздукту камсыздоону, санитардык-экологиялык талаптарды эске алуу менен тийиштүү кесиптеги адистер тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш.
15. Инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды техникалык эксплуатациялоо кайсы ведомствого киргенине жана менчигинин түрүнө карабастан эксплуатациялоо боюнча техникалык журнал ачуу, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүргүзүлгөндүгү жөнүндө белгилөө, тийиштүү көрсөткүчтөрдү эсепке алуу жана контролдоону киргизүү менен дайыма жүргүзүлүүгө тийиш.
16. Акт түзүү менен объекттин техникалык абалын күбөлөндүрүү боюнча иштер мезгил-мезгили менен белгиленген мөөнөттө техникалык эксплуатациялоо өкүлдөрү тарабынан жүргүзүлүүгө тийиш. Жаңы объекттерди кошууну долбоорлоодо, иштеп жаткан инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды кеңейтүүдө техникалык эксплуатациялоо өкүлдөрү тарабынан коммуникациялардын тийиштүү түрлөрүн кошуунун техникалык шарттарын түзүү боюнча сунуштар киргизилет.
17. Техникалык эксплуатациялоо менен катар, реконструкциялоонун объекттеринин жаңы курулушу болгондо долбоордук чечимдердин ишке ашырылышын контролдоону жүргүзгөн өкүлдөр инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды эксплуатациялоого кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын иштерине катышат.
18. Техникалык эксплуатациялоо өкүлдөрү күнүмдүк ишинде инженердик коммуникациялардын жыйынтыкталган схемасын, курулмалардын жана коммуникациялардын сакталышын, ошондой эле бардык тармактар системасынын ишинин оңдугун, жыл мезгилине карабастан үзгүлтүксүз иштешин камсыздаган техникалык шарттарды жана стандарттарды жетекчиликке алат.
19. Турак жай-жарандык арналыштагы объекттер күнү-түнү ичүүчү суу, электр жана канализациялык санузел, эгер объект жыл бою иштесе, жылуулук жана ысык суу менен камсыздалышы керек.
20. Коомдук тамак-аш объекттери башка объекттердин курамында же өзүнчө суу түтүктөрү, ысык суу, канализация жана башка инженердик жабдуулардын түрлөрү менен камсыздалууга тийиш. Идиш-аяктарды жуугуч, ашкана жабдуулары, коомдук, дааратканалар долбоорго жана курулуштук ченемдерге жана тартиптерге дал келиши керек.
21. Коммуникациянын жер алдындагы бөлүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзүүдө аймак тосулушу керек, оңдоо иштери бүткөндөн кийин мурдагы калыбына келтирилүүгө тийиш.
22. Суу түтүктөрү, канализациялык жана электр тармактары, суу тосмолору, канализациялык-насостук станциялар, тазалоо курулмалары жана трансформатордук подстанциялар бузулган учурда тез арада мурдагы калыбына келтирилүүгө тийиш
VIII. Транспорттук коммуникацияларга анын ичинде, велосипеддик, жөө жүрүү кыймылына коюлган талаптар
23. Жергиликтүү маанидеги жолдор ведомствого караштуулугуна жараша техникалык ченемдерге ылайык күтүлүүгө жана эксплуатацияланууга, унаалар токтогон, автомашиналар коюлган жүргүнчүлөр эс алуучу жерлер тийиштүү жол белгилери жана мерчемдери менен жабдылууга тийиш.
24. Жөөлөр үчүн жолдор, тротуарлар көчөлөрдүн долбоордук профилине ылайык автомобилдик жол кирген бөлүгү менен бирдикте болушу керек. Алардын унаа өтүүчү бөлүгү кечки жана түнкү мезгилдерде жарык болууга тийиш. Аларды күтүү жана эксплуатациялоо Талас шаарына коммуналдык кызмат көрсөтүү боюнча муниципалдык ишкана тарабынан оңдоо-калыбына келтирүү иштерин өз убагында аткаруу менен жүргүзүлөт.
25. Жөөлөр үчүн жана велосипед жолдору, тротуарлар акыр-чикирден механикалык тазалоо мүмкүнчүлүгү менен жер үстүндөгү сууларды буруп кетүү уюштурулгандай жабдылууга тийиш.
26. VIII-бөлүмдө көрсөтүлгөн иштердин аткарылышын контролдоо санитардык-эпидемиологиялык кызматы, айлана-чөйрөнү коргоо органдары, коммуналдык чарба, жана Талас шаарынын мэриясы тарабынан ишке ашырылууга тийиш.
IX. Аймактардын объекттерин жана автомагистралдардагы көркөм жасалгалоого коюлган шаар курулуштук талаптар
27. Бардык объекттер үчүн шаар курулуштук-архитектуралык талаптар шаардын башкы архитектору тарабынан коюлат.
28. Объекттерди эксплуатациялоо мезгилинде Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан так сунуштары бар кошумча талаптар кат жүзүндө коюлушу мүмкүн.
29. Сырткы жарнактын архитектуралык-көркөм элементтерин орнотууга уруксат берүү "Кыргыз Республикасындагы жарнама жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын сактоо менен Талас регионалдык шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын макулдугу боюнча чечилет.
30. Жолдордун боюна сырткы жарнакты орнотуу боюнча чечим Мамлекеттик автожол кызматынын, автожолдорду тейлөөчү кызматтардын макулдугу боюнча кабыл алынат.
X. Турган курулуштарды бузуу, убактылуу объекттерди жайгаштыруу жана аларды эксплуатациялоо тартиби
31. Турган имараттарды жана курулмаларды бузуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
32. Убактылуу курулмалар - боз үйлөр, күркөлөр жана павильондор жана башка тамак-аш азыктары менен күйүүчү май материалдарын саткан убактылуу курулмалар шаар курулуш жана архитектура органдары иштеп чыгып, айлана-чөйрөнү коргоо органдары менен макулдашылган, Талас шаарынын мэриясы бекиткен схемага ылайык шаар курулуш ченемдерин эске алуу менен белгилүү бир жерлерге жайгаштырылат.
33. Убактылуу объекттер белгиленген тартипте электр энергиясына, суу түтүгүнө, канализацияга кошулушу керек. Алар жок болгон учурда көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштырууга тыюу салынат.
34. Эксплуатацияланган мезгилде убактылуу объекттердин чектеш аймактарды кармоо жана эксплуатациялоо үчүн көркөм талаптарга жооп берген, түнкүсүн жарык берилген көрнөк-жарнактары болушу керек. Участканын чеги жана иштерди жүргүзүү тартиби архитектура жана шаар курулуш органдары тарабынан аныкталат.
XI. Көл сууларын пайдалануу
35. Көл сууларын өнөр жай максатында пайдаланууга тыюу салынат. Сууга түшүү үчүн көлдүн суусун пайдаланууда жана жасалма бассейндерди толтурууда мамлекеттик суу инспекциясынан, санитардык-эпидемиологиялык кызматтан атайын уруксат алуу, ошондой эле шаар курулуш жана архитектура аймактык органдары менен макулдашуу зарыл.
XII. Курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салуунун башка ченемдери
36. Шаар куруу документине карата эрежелердин колдонулушу. Бул Эрежелерди колдонууга киргизгенден кийин мурда бекитилген шаар куруу документтери Эрежелерге карма-капшы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
Талас шаарынын мэриясы жана шаардык кеңеши ушул Эрежелер колдонууга киргизилгенден кийин төмөнкүлөр жөнүндө чечим кабьш алат:
- ушул Эрежелерди эске алып жана аларды өнүктүрүү үчүн мурда бекитилген башкы планды оңдоо же жаңысын иштеп чыгуу. Белгиленген тартипте бекитилген башкы план ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды андан ары даярдоо үчүн негиз болуп саналат;
- Эрежелер менен белгиленген шаар куруу регламенттери бөлүгүндө мурда бекитилген жана ишке ашырыла элек пландоо долбоорлорун Эрежелерге ылайык келтирүү;
- курулуш куруу жөнүндө жаңы шаар куруу документтерин иштеп чыгуу (пландоо, чек салуу, курулуш куруу долбоорлору), ал ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды андан ары даярдоо үчүн негиз катары колдонулушу мумкун (тиешелуу зоналарга карата регламенттик зоналардын чектерин, уруксат берилген кыймылсыз мулкту пайдалануу түрлөрүнүн тизмелерин, жер участокторунун өлчөмдөрүн жана уруксат берилген курулуштун чектик параметрлерин тактоо бөлүгүндө).
37. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн негизи жана аны демилге кылуу укугу. Бул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн негиз болуп депутаттардын Талас шаардык кеңешинин тиешелүү чечими саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында, жергиликтүү ченемдик укуктук актыларда болгон өзгөртүүлөрдү эсепке алуунун зарылдыгынан, ошондой эле Эрежелерге кошумча киргизүү зарылдыгынан, бекитилген шаар куруу документтерди, тиешелүү сунуштарды, анын ичинде жеке жана юридикалык жактардын демилгеси боюнча көрсөтүлүүчү сунуштарды Эрежелерде эсепке алуу зарылдыгынан кабыл алынат.
Регламенттик зоналардын жана шаар куруу регламенттеринин чектерин өзгөртүү бөлүгүндө ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн негиз болуп табыштама саналат, ал Эрежелер менен белгиленген чектөөлөр төмөнкүдөй болооруна негиздемени камтыйт:
- кыймылсыз мүлк обьекттерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бербейт;
- кыймьшсыз мүлк обьекттеринин баасын ченемдеш эмес төмөндөтүүгө алып келет;
- конкреттүү аймакты өнүктүрүүнүн коомдук кызыкчылыгын ишке ашырууга тоскоолдук кылат же ушул кызыкчылыктарга зыян келтирет.
Бул Эрежелер депутаттардын Талас шаардык кеңешинин чечимдери менен башка мыйзамдуу негиздер боюнча толукталышы жана өзгөртүлүшү мүмкүн.
38. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилге кылуу укугуна Талас шаарынын мэриясынын, Талас шаардык кеңешинин депутаттарынын атынан мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар, жеке жана юридикалык жактар ээ.
Аталган укук Талас шаарынын мэриясына жиберилүүчү тиешелүү сунуштарды даярдоо аркылуу ишке ашырылат. Келип түшкөн сунуштар боюнча чечимдер ушул Эрежелердин 39-беренесинде каралган тартипте кабыл алынат.
39.ушул Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын негиздөөнү, ошондой эле тиешелүү сунуштарды камтыган табыштама Талас шаарынын мэриясына жөнөтүлөт. Сунуштар Эрежелердин текстинин баяндалышына, кыймылсыз мүлктү уруксат берилген колдонуу түрүнүн тизмелерине, уруксат берилген курулуш параметрлерине, регламенттик зоналардын чектерине тиешелүү болушу мүмкүн. Талас шаарынын мэриясы табыштаманы алгандан кийин ушул ошол аймакта коомдук угууларды өткөрүүнү демилге кылат.
Кызыкчылыгына зыян келтирилген кыймылсыз мүлк ээлери, ошондой эле курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар коомдук угууларга чакырылат. Аталган органдардын каралып жаткан маселе боюнча позициясы коомдук угуулар өткөрүлгөнгө чейин Талас шаарынын мэриясына берилүүчү жана бардык кызыкдар адамдар таанышып чыгуу үчүн жеткиликтүү болгон тиешелүү корутундуларда жазуу жүзүндө белгиленүүгө тийиш.
Угууларды өткөрүүнүн жыйынтыгы боюнча Талас шаарынын мэриясы коомдук угуулардын жыйынтыктары жөнүндө протоколду жана Талас шаарынын мэриясынын сунушун депутаттардын Талас шаардык кеңешине жиберет. Эрежелерге толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди Талас шаардык кеңеши кабыл алат.
40. Бул Эрежеге толуктоолор жана өзгөртүүлөр Талас шаардык кеңешинин чечимине ылайык тиешелүү толуктоолордун жана өзгөртүүлөрдүн текста расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
41. Эрежелерден четтөө кичинекей өлчөмдөгү, ыңгайсыз конфигурациядагы, жагымсыз инженердик-геологияльж мүнөздөмөсү жана участокторду ушул Эрежелерге ылайык колдонууга мүмкүндүк бербеген башка мүнөздөмөсү бар жер участокторунун ээлери Эрежелерден четтоо жөнүндө өтүнүч берет.
Эрежелерден четтөө болуп конкреттүү участок учун санкцияланган, уруксат берилген курулуштун чектик параметрлеринин - курулмалардын бийиктигинин, участокторду куруу пайызынын, курулмалардын участоктордун чектеринен чыгуусу саналат.
42. Тиешелуу табыштама Талас шаарынын мэриясына жөнөтүлөт жана Эрежелерден четтөө төмөнкүдөй болгондугуна негиздемени камтышы керек:
- жер участогун натыйжалуу колдонуу учун зарыл;
- кошуналардын укуктарын кемсинтпейт жана коомдук жана муниципалдык кызыкчылыктарга каршы келбейт;
- архитектуралык-курулуштук талаптар, эстетика, экология, өрт коопсуздугу талаптары боюнча жеткиликтуу жана санитардык-гигиеналык ченемдерге жана эрежелерге карама-каршы келбейт.
43. Талас шаарынын мэриясы коомдук угууларда келип түшкөн табыштамаларды кароону уюштурат, ага четтөө суралып жаткан объект менен кошуна жайгашкан кыймылсыз мулк обьекттеринин ээлери, ошондой эле курулуш курууну жана жер пайдаланууну жөнгө салууга жана контролдоого ыйгарым укуктуу органдардын өкүлдөрү, башка кызыкдар адамдар чакырылат. Аталган органдардын каралып жаткан маселе боюнча позициясы коомдук угуулар өткөрүлгөнгө чейин Талас шаарынын мэриясына берилуучу жана бардык кызыкдар адамдар таанышып чыгуу үчүн жеткиликтүү болгон тиешелүү корутундуларда жазуу жүзүндө белгиленүүгө тийиш. Талас шаарынын мэриясы коомдук угуулардын жыйынтыгы жана жерге укук берүү комиссиянын сунушу боюнча четтөөгө уруксат берүү же Эрежелерден четтөөгө уруксат берүүдөн баш тартуу жөнүнд чечим кабыл алат.
44-берене. Эрежелерди бузгандык үчүн жоопкерчилик Бул Эрежелерди бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
XIII. КАРТОГРАФИЯЛЫК ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ШААР КУРУУ РЕГЛАМЕНТТЕРИ.
Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери
45. Талас шаарынын укуктук зоналарга бөлүү картасы
46. Зоналардын тизмеси жана сүрөттөлүшү. Кыймылсыз мүлктү колдонуунун уруксат берилген түрлөрү жана параметрлери боюнча шаар куруу регламенттери
Укуктук зоналарга бөлүү картасьшда белгиленген зоналардын тизмеси: