Редакцияот 11.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы

 

2024-жылдын 11-март  №11/96

 

«Мега» антеналарын орнотууга жер участокторун

бөлүү жөнүндө.

Кыргыз  Республикасынын  «Жергиликтүү мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө»  №123-мыйзамынын                      50-беренесинин 4-пуктуна ылайык Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин ХХVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясын  токтом  кылат:

 

            1.Миӊ-Булак  айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылынын Абдрахман-Ата көчөсүнүн  күн   батыш  тарабынан   «Мега»  антенасын орнотууга  682 -контурунан  Сары-Жон участогуна  ЗАО  «Альфа телеком»   ишканасы менен  убактылуу пайдаланууга 20м2 ижарага  берүүгө макулдук берилсин..

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда бөлүнгөн жер участогунун  документтерин  каттоодон өткөрүү  жагы,  Кыргыз Руспубликасынын 

айыл   чарба  министирлигине  караштуу  жер ресурстар   кызмат  бөлүмүнүн  филиалынан суралсын.

3.Бул   токтомдун  аткарылышын  көзөмөлө  алуу  жагы   «Миң-Булак тазалык» муниципалдык  ишкананын  башчысы  К. Сармолдоев    тапшырылсын.

 

 

 

 

 

Тѳрага

А. Жамангулов