МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/97
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтомун Миӊ-Булак айыл аймагында аткарууга алып, Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылынын жашоочусуна турак жай жана жер участокторун жеке менчикке бекитип берүү жөнүндө
Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291-токтомунун, Нарын районунун аймагында жер мунапысын жүргүзүү тууралуу түзүлгөн комиссиясынын 2023-жылдын 20-ноябрындагы №55-чечими Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2023-жылдын 27-ноябрь №408-б, буйругун аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин нормаларына ылайык Миӊ-Булак айылдык кеӊеши токтом кылат:
1.Миӊ-Булак айыл аймагынын Эмгекчил айылынын тургуну Байсариева Нуруйла Дооталиевна 2500м2 турак-жай жана жер аянты, жеке менчигине макулдук берилсин:
2.Ушул токтом, каттоодон өткөрүлүп https://min-bulak.gov.kg/ веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин катчысы А.Айтбаевага тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн жер адиси Амантур уулу Жоомартка милдеттендирилсин.
Тѳрага | А. Жамангулов |
|
|