Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ЖАНГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Жангак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXVII сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры  № 37/1

 

Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу жөнүндө

 

Көк-Жаңгак шаарындагы жергиликтүүжамааттарынан экинчи Элдик Курултайдынделегаттарыншайлоо, жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссияларын түзүү жөнүндө карап, талкуулап чыгып Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезексиз XXХVII-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Жаңгак шаарында Жергиликтүү Курултай 2023-жылдын 17-ноябрь күнү саат 10-00до Көк-Жаңгак шаарында маданият сарайында өткөрүлсүн.

2. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн шаардык кварталдарга бөлүнсүн.

3. Көк-Жаңгак шаарында делегаттардын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана кварталдарга төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн:

- Спутник кварталы – 10 (он) адам;

- Көлмө кварталы – 10 (он) адам;

- Эски Көк-Жаңгак кварталы – 10 (он) адам;

- Центр кварталы – 10 (он) адам;

- 40 кварталыы – 10 (он) адам;

- Зона квараталы- 10 (он) адам;

- 23 кварталы- 10 (он) адам;

- 23/2 кварталы – 10(он) адам;

- Черемушка кварталы – 10 (он) адам;

- Раззаков кварталы – 10 (он) адам.

4. Ар бир кварталдын бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги 16.10.2023-жылдан 26.10.2023-жылга чейин деп белгиленсин.

5. Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир кварталда жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Спутник кварталы – Кожобекова Гульшайыр Кадырбековна;

- Көлмө кварталы – Сатыбалдыев БакытЭркимбаевич;

- Эски Көк-Жаңгак кварталы – Тургумбаев Самат Каныбекович;

- Центр кварталы – Исаев Жаныбек Абдрахманович;

- 40 кварталы – Байдавлетов Заирбек Максатбекович;

- Зона кварталы- Ермекбаев Чынгыз Тавалдиевич;

- 23 кварталы- Рысмамбетова Жумакан Арзиевна;

- 23/2 кварталы – Матаева Кыздаркан Кудайбердиевна;

- Черемушка кварталы – Маткасымова Урматкан Абдивалиевна;

- Раззаков кварталы – Омошев Раимбек Турганбаевич.

6. Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 7 (жети) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:

- Байдавлетов Заирбек Максатбекович– жумушчу топтун төрагасы, шаардык кеңештин төрагасы;

- Карабаева Уруятхан Калиловна – жумушчу топтун катчысы, шаардык кеңештин жооптуу катчысы;

- Камбаров Жакып Таджибаевич– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси;

-Кыдыралиева Зуура Адиковна– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;

-Усенов Кадыржан Атабекович– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;

-Мамашов Алмазбек Абдыкалилович– жумушчу топтун мүчөсү, шаардык кеңештин эл депутаты;

- Мурзаканова Миргул Исмаиловна- жумушчу топтун мүчөсү, шаардык мэриянын башкы адиси.

7. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:

З.Байдавлетов