КӨК-ЖАНГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жангак шаардык кеңештин (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXVII сессиясы
2023-жылдын 3-октябры № 37/2
«Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнундө
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме ишканалардан «Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө келип түшкөн сунуштарын карап талкуулап, чыгып Көк-Жангак шаардык кенештин депутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезексиз XXXVII-cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө жана шаардын элинин жашоо-шартын жакшыртууда кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Токторбаев Женишбек Шермаматовичке “Көк-Жаңгак шаарынын ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.
2. Көк-Жаңгак шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүсүнө, билим берүү тармагына кошкон зор эмгектери жана келечек муундарды тарбиялоодогу эбегейсиз салымы үчүн, элдин сый урматына татыган «Көк- Жаңгак шаарынын ардактуу атуулу» наамы төмөнкүлөргө ыйгарылсын:
- Джумабаева Малика Сасыкбаевна- №1 М.В.Фрунзе атындагы орто мектебинин математика мугалими;
- Рысмамбетова Жумакан Арзиевна-№ 2 А.С.Макаренко атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын башталгыч класстын мугалими;
- Токтосунова Гуляйша Абдимиталиповна- №3 Т.Сатылганов атындагы мектебинин директору;
- Аликеева Эльмира Сакыевна- №7 “Солнышко” мектепке чейинки билим берүү уюм мекемесинин директору.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: | З.Байдавлетов |