Редакцияот 29.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 

2023-жылдын 29-августу № 1

 

Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

 

Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинде каралбаган айыл чарба жерлерине тиешелүү жерлерге мүлк салыгы үчүн келип түшкөн 104000 (жүз төрт) мин сом акча каражатын бөлүп берүү максатында Мин-Булак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын он тогузунчу сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ж.Ормотоев атындагы “Баластан “балдар бакчасына 2 (эки) даана 50 (элүү) литрлик аристон комплектиси менен алып берүү үчүн 51000 (элүү бир ) мин сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Айыл аймагына караштуу жаны курулган №8 үй-бүлөлүк дарыгер тобунун имаратын жана эксковаторун камсыздандыруу үчүн 32718 (отуз эки мин жети жүз он сегиз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар орто мектебине кыргыз улуттук кийимдерин алып берүү үчүн 20282 (жыйырма мин эки жүз сексен эки ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумакеевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Т.Койчубаев