МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 29-августу № 3
Мин-Булак айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026- жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө
Жогоруда белгиленип өткөн Мин-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга түзүлгөн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун карап 2023-жылдын 27-июнунда VIII чакырылышынын он сегизинчи сессиясында каралып №1 токтом чыккан ,бирок жаны курулуп жаткан мектептин көмүр отуну каралбай калгандыгына байланыштуу өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып,талкуулап депутаттардын Мин-Булак айылдык кенешинин VIII чакырылышынын он тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 12006,5 мин сом менен,чыгаша бөлүгү 12006,5 мин сом менен сунушталсын.
2. 2025-жылдын жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору кирешебөлүгү 12728,9 мин сом менен,чыгаша бөлүгү 12728,9 мин сом менен сунушталсын.
3. 2026-жылдын жылдын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору киреше бөлүгү 13053,8 мин сом менен,чыгаша бөлүгү 13053,8 мин сом менен сунушталсын.
4. Долбоор баштапкы вариант катары Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине сунушталсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Г.Жумабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |