Редакцияот 24.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК АЙМАКТЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 24-сентябры № 38 а

Кара-Суу айыл аймагынын аймактары боюнча зоналдык коэффициентин бекитүү жөнүндө

 

Кара-Суу айыл аймагынын аймактары боюнча зоналдык коэффициентин бекитүү боюнча карап талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 22-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 402-беренесинин 5 бөлүгүнүн негизинде жер салыгынын зоналдык коэффициентти Кара-Суу айыл аймагы боюнча 1 ге барабар болсун.

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөт башчысы А.Касымбековго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Б.Самсиев