МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Миң-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы
2024-жылдын 11-март №11/100
Кол өнөрчүлүк цехинин оордундагы бак дарактарды кыркуу жөнүндө.
Кун тартибиндеги маселе боюнча Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Бакытбек Кошалиевдин баяндамасын угуп жана талкуулап, депутаттардын Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектүү I сессиясы токтом кылат:
1. Куйбышев айылынын Жамаке кочөсүндөгү кол өнөрчүлүк цехинин имаратынын пайдубалы түшө турган ордун даярдоодо, ал жерде бак дарактар өсүп турганына байланыштуу, жеринде барып комиссия тарабынан акт түзүлүп, бак дарактардын түрү аныкталып, мыйзам чегинде кыркуу иштери жүргүзүлсүн
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Б. Кошалиевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, minbulak/ org/kg веб сайтка жарыялоо жагы Миӊ-Булак айылдык кеӊешинин жооптуу катчысы А. Айтбаевага тапшырылсын.
Тѳрага | А. Жамангулов |