Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы

 

2023-жылдын 9-февралы № 12/6

 

Оорулууларга жардам берүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынын тургундары:

-Төө-Басты айылынын тургуну Алмаз кызы Бурулкан ДЦП уулуна даары дармек алуу үчүн 5000(беш миң)сом;

-Төө-Басты айылынын тургуну Өмүралиев Турсунбеке даарыланып келүү үчүн 5000(беш миң)сом;

-Ак-Сай айылынын тургуну Жапаралы кызы Рахаттын ДЦП эки кызын даарылатып келүү үчүн 10000(он миң)сом;

-Төө-Басты айылынын тургуну Кыйгыров Ажыбек даарылануу үчүн 5000(беш миң)сом;

-Мазар айылынын тургуну Орункулова Розанын 1-группадагы майып баласына даарылануу үчүн 10000(он миң)сом;

-Коргон-Дөбө айылындагы Суук-Башат көчөсүнүн тургуну Жумабаева Бакбү даарылануу үчүн 5000(беш миң)сом;

-Коргон-Дөбө айылындагы Суук-Башат көчөсүнүн тургуну Алыбек кызы Гүлкайырдын эки уулу сүйлөбөй укпай калгандыгынан даарылануу үчүн 10000(он миң) сом;

-Ак-Суу айылынын жашоочусу Өмүрбеков Зайырбек башынан эки жолу операция болгон,даарылануу үчүн 5000(беш миң)сом;

-Оюрма участкасынын тургуну 1-группадагы майып Ж.Молдобековго даарылануу үчүн 50000 (элүү миң)сом акча каражаттары жогорудагы жараандарга жардам ирээтинде бөлүп берүү жагы каралсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын  www.aksuu.diz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык комитетинин төрайымы Т.Өмүралиевага жүктөлсүн.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев