Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы

 

2024-жылдын 1-августу № 1

Универмаг (азыркы РОВД) боюнча  2004-жылы чыккан чечимди жокко чыгаруу боюнча

 

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Шейшеналиевдин колу менен 2004-жылдын 6-октябрында Универмагга (азыркы РОВД) тиешелүү архивдик материалдардын жоктугуна байланыштуу 28 сотыйдан ашык жерге чыккан  №279 чечимин жокко чыгаруу боюнча угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ:

 

1. Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы К.Шейшеналиевдин колу менен 2004-жылдын 6-октябрында Универмагга (азыркы РОВД) тиешелүү архивдик материалдардын жоктугуна байланыштуу деп 28 сотыйдан ашык жерге чыккан  № 279 чечими Кумарбеков Эраждын суроосу менен алынган 2012-жылдын 6-декабрында алынган архивдик материалында Жумгал Райондук депутаттардын аткаруу комитетинин 1966-жылдын 10-мартында Универмаг курууга деп 10 сотый жерге №42 чечими чыккандыгынын негизинде жана  “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде  жокко чыгарылсын.

           

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Төрага

А. Муталиев