АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 12/12
Жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Ак-Сай участкасынын тургуну Кутбаев Талант Каз участкасынан айдап себүү үчүн ижарага сураган 4га жери бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | У.А.Эпеев |