Редакцияот 09.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы

 

2023-жылдын 9-февралы № 12/13

 

Жер тилкесин мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айылынын Оро-Терек участкаксынын тургуну Асакеева Топчугүл борбордук бөлүктөгү камогунун артындагы чыгынды төгүлүп жаткан бош жерди, курулуш куруп пайдалануу үчүн мыйзамдаштырып берүү жагы каралсын.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев