АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XII- сессиясы
2023-жылдын 9-февралы № 12/14
Ишкерлик боюнча жер тилкесин ижарага берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Суу айыл аймагынын Мор-Булак участкасынын тургуну А.Тургуналиевтин кум шагыл ташып ишкердик кылуусу үчүн маакулдук берилди, иш кагаздарын даярдоо арыз ээси тарабынан даярдалсын.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | У.А.Эпеев |