Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы

 

2023-жылдын 27-февралы № 13/19

 

“Геостарт плюс” Жоопкерчилиги чектелген коом жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин атуулдардан түшкөн арыздары боюнча, билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Геостарт плюс” Жоопкерчилиги чектелген коом ишканасынын директору Касымбеков Кылыч №6565АЕ лицензиясынын негизинде Көк-Кыя участкасындагы кен казып иштеткенге уруксат берилген 11(он бир)га жер аянтына иш баштоо үчүн кайрылган кайрылуусу 2023-жылдын 17-февралындагы Ак-Суу айылынын жалпы жамаатынын коомдук угуусунун негизинде,ишкердикке берүү жагы каралсын. .

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук комитетинин төрагасы У.Курманбековго жүктөлсүн.

 

  

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев