Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин (XXХ чакырылышынын) XVIII сессиясы

 

2024-жылдын 1-августу № 15

ФПС тин жерлери боюнча ижара акысын төгүү жөнүндө

 

ФПС тин жерлери боюнча ижара акысын төгүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы токтом кылат:

 

1. Чаек айыл аймагындагы ФПС тин жерлери боюнча Көк-Ой айылы боюнча  Көк-Ой айыл өкмөтүнүн мурунку токтомунун (жана келишиминин) негизинде, Кызыл-Жылдыз айылы боюнча Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнүн мурунку токтомунун(жана келишиминин)  негизинде ижара акысы мыйзам чегинде келишимде көрсөтүлгөн баа менен  алынсын.

 

2.  Бул   токтомдун  аткарылышын   камсыз  кылуу жагы  Чаек    айыл өкмөтүнүн   башчысы Т.Кучмуратовго  жүктөлсүн.

 

 

 

 

 

 

Төрага

А. Муталиев