Редакцияот 27.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIII- сессиясы

 

2023-жылдын 27-февралы № 13/25

 

Казылып жаткан кен байлыктарды көзөмөлдөөчү комиссиялык курамды бекитүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагындагы казылып жаткан кен байлыктарды көзөмөлдөө боюнча төмөнкүдөй комиссиялык курам бекитилсин:

Комиссиянын төрагасы:

У.Курманбеков-а/к депутаты,мыйзамдуулук комитетинин төрагасы;

Комиссия мүчөлөрү:

Таштаналы уулу Арстаналы-а/к депутаты,агрардык комитетинин мүчөсү;

К.Бейшебаева-а/к депутаты,социалдык комитетинин мүчөсү;

Изираил уулу Тыналы-а/к депутаты,бюджет комитетинин төрагасы;

О.Эшкараев-Ымам-Ата айылынын айыл башчысы;

С.Үрүсбаев-Ак-Сай айылынын айыл башчысы;

Т.Акбаров-Коргон-Дөбө айылынын айыл башчысы;

А.Боронбаев-Төө-Басты айылынын айыл башчысы;

Ж.Аттокуров-аксакалдар кеңешинин төрагасы;

У.Наркулова-аялдар кеңешинин мүчөсү;

Куттубек уулу Болуш-жаштар уюмунун төрагасы.

2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев