Редакцияот 01.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз LII сессиясынын

 

2024-жылынын 01- августу № 52/2

 

“Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак”

участкасынын сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнундө”

 

      Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак” участкасынын 24.05.2024 жылдагы № 15 кайрылуу катынын негизинде сунушталган суу үчүн тарифтер боюнча угуп талкуулап чыгып, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын VIII чакырылыштагы, кезексиз LII сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1.   Көк-Жаңгак өз алдынча чарбалык эсептеги “Шар-Булак” участкасы сунуштаган суу үчүн тарифтери төмөнкүдөй бекитилип берилсин:

 

-       шаардын ичиндеги көчөлөрдөгү суучорголордон колдонулган суу үчүн 45 сомдон 65 сомго көтөрүлсүн.

-       шаардагы батирлерде жана короодо жайгашкан суучоргодон колдонулган суу үчүн 60 сомдон 80 сомго көтөрүлсүн.

-       күнү түнү аккан сууну колдонгон жашоочулар үчүн 120 сомдон 150 сомго көтөрүлсүн.

-       коммерциялык мекемелерге 1 куб. сууга 25 сомдон 35 сомго көтөрүлсүн.

 

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы:

З.Байдавлетов