Редакцияот 24.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы

 

2023-жылдын 24-марты № 14/39

 

Ак-Суу айыл аймагына караштуу Таш-Көмүр шаарына чектеш Осмонбеков кочосу, Восточный аймагы, Таш-Көмүр шаарынын түндүк аймагындагы Глинка аймагындагы талаш жерлери жөнүндө

 

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн жер адисинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кенеши:

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынын администрациялык аймактык түзүлүшү бүтүн жана ажыратылгыс деп белгиленсин.

2. Ак-Суу айыл аймагы менен Таш-Көмүр шаарына чектешкен Осмонбеков көчөсүндөгү, Восточный жана Глинка аймагындагы калктуу конуш жайгашкан жер, Ак-Суу айыл аймагыннын карамагында болгондуктан, Таш-Көмүр шаарына бекитип берүүгө макулдук берилбесин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сулайманкуловго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

5. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:

6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык комитетинин төрагасы Н.Кайдалиевке жүктөлсүн.

 

 

Төраганын милдетин аткаруучу:

У.А.Эпеев