АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Суу айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги XIV- сессиясы
2023-жылдын 24-марты № 14/40
Дараметти жогорулатуу грантынын эсебинен келип түшкөн акча каражаттын сметага отургузуу жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин негизинде айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Суу айылдык кеңеши:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын сметасынын атайын каражаттар бөлүмүнө “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу”долбоорунун алкагында “Дараметти жогорулатуу”грантынын эсебинен келип түшкөн 18000(он сегиз миң)сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин сметасына отургузулсун.
2. Ушул токтом Ак-Суу айыл аймагынын www.aksuu.diz.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтом кол койулган күндөн тартып күчүнө кирет:
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы У.Наркуловага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Изираил уулу Тыналыга жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу: | У.А.Эпеев |